Загрузка документа…
|
| Тиркеме 5 |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 05/2-17/39 буйругуна) |
Өндүрмөлүк балык уулоо үчүн көлмөлөрдүн
балык уулоо тилкелерин берүү боюнча сынак
өткөрүүнүн тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип көлмөлөрдү, балык өстүрүү жана көлмөлөрдүн балык уулоо участокторун берүү үчүн сынакты (мындан ары – Сынак) өткөрүүнүн бирдиктүү эрежелерин, аларды сынакка катышкан талапкерлерге бекитүү жана аквакультура жана/же өнөр жай балык чарбасы жаатындагы балык чарба иштерин жүргүзүүнү пландаштыруу максатын белгилейт.
2. Сынактын максаты - жеңүүчү болгон катышуучуларга балык чарбалык ишмердүүлүк жана балык уулоо үчүн пайдалануу үчүн балык чарбалык суу объекттерин же балык өстүрүү жана балык уулоо аймактарын берүү жөнүндө келишим түзүү укугун берүү.
3. Сынакка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген 25 жылга чейинки мөөнөткө пайдаланууга берилүүчү табигый жана жасалма көлмөлөрдүн тизмесине киргизилген суу объекттери, ошондой эле резервдик фонддун балык чарба көлмөлөрүнүн курамына киргизилген көлмөлөр 3 жылга чейинки мөөнөткө коюлат. Суу сактагычты Тизмеге киргизүүнүн акыркы мөөнөтү үч жыл.
4. Сынакка коюлган бардык суу объектилери лотторго бөлүнүшү керек, мында суу объектилеринин ар бири же алардын айрым участоктору өзүнчө лотту түзөт.
5. Суу объекттерин (же алардын бөлүктөрүн) балык чарба иши үчүн берүү боюнча сынактарды уюштуруу жана өткөрүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган Кыргыз Республикасындагы балык чарба фондунун негизги пайдалануучусу (мындан ары – Сынактын уюштуруучусу) жүзөгө ашырат.
6. Сынак ачык болуп саналат жана бир суу объектине (суу
объектин участогуна) карата да, бир нече суу объектине же алардын айрым участокторуна карата да өткөрүлөт.
2-глава. Сынакты даярдоонун шарты жана тартиби
7. Сынактын уюштуруучусу:
– сынакты өткөрүү мөөнөтү жөнүндө чечим кабыл алат;
– сынак комиссиясын түзөт, анын иштөө тартибин жана курамын аныктайт;
– сынактын катышуучуларына талаптарды белгилейт;
– сынакты даярдоону жана өткөрүүнү камсыздоочу бардык зарыл документтерди даярдайт жана тариздейт;
– сынак документациясын иштеп чыгууну жана жайылтууну уюштурат;
– сынак табыштамаларын берүүнүн акыркы мөөнөтүн, ошондой эле сынак табыштамаларын баалоо боюнча комиссиянын отурумунун датасын белгилейт;
– сынакка катышууга табыштамаларды чогултат, сынак сунуштарын жана башка келип түшкөн документтерди каттайт жана сактайт;
– сынакты өткөрүүнү уюштурат;
– жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жеңүүчүнү таануу
жөнүндө сынак комиссиясынын чечимин жарыялайт.
8. Сынакты уюштуруучу боло турган сынак жөнүндө кулактандырууну отуз календардык күндөн кем эмес мөөнөттө жалпыга маалымдоо каражаттарына жана (же) айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырат.
9. Сынак өткөрүү жөнүндө кулактандырууда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
– сынак өткөрүүнүн датасы, убактысы, орду жана предмети;
– сынакка катышууга өтүнмөлөргө карата талаптар;
– сынакка коюлуучу суу объекттеринин же балык өстүрүү участкаларынын турган жерин, аянтын көрсөтүү менен жалпы сүрөттөлүшү, балык чарба потенциалы жөнүндө маалыматтар: аквакультура объекттери (жылуулукту сүйүүчү, суукту сүйүүчү аквакультура объекттеринин комплекси), аквакультуранын багыты (садок, жайыт, рекреациялык) жана балык уулоо участкалары: балык уулоо объекттери, лимиттин (квотанын) өлчөмү;
– сынакка катышууга табыштамаларды берүүнүн жана сынак документтерин даярдоонун тартиби, орду жана мөөнөтү;
– сынак комиссиясы алардын негизинде сынакка катышууга табыштамаларды баалай турган критерийлер;
– сынакка катышууга табыштамаларды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү.
3-глава. Сынактын катышуучуларына
жалпы талаптар
10. Сынакка катышуу үчүн зарыл болгон балык чарбалык –техникалык жана финансылык камсыздалышы жана балык чарба ишин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү бар талапкерлер сынактын катышуучулары боло алышат.
11. Конкурстук документтердин курамында сунушталуучу бизнес-планда балык балык чарбалык-техникалык жана финансылык камсыздоонун болушу, ошондой эле балык чарба ишин жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрү чагылдырылып жана негизделиши тийиш.
Сынакка катышууга талапкерлер үчүн төмөнкү милдеттүү шарттар белгиленет:
– сынактын катышуучуна карата банкроттук жана жоюу жол-жоболору жүргүзүлбөсө;
– сынактын катышуучусунун иши сынакка катышуу күнүнө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте токтотулбаса;
– суу объектилерин же алардын айрым участкаларын балык чарбасына пайдалануу боюнча сынактын уюштуруучусу менен мурда түзүлгөн келишимдер боюнча сынак өткөрүлгөн жылдын алдындагы мезгилде карыздын жоктугу.
4-глава. Сынакка катышуу үчүн табыштамаларды
берүүнүн тартиби
12. Жарыяда көрсөтүлгөн мөөнөттө сынактын катышуучулары сынактын документтерин сынак жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн дарек боюнча алышат.
13. Сынактын документтерин даярдоонун конкреттүү тартиби, курамы жана башка шарттары сынактын уюштуруучусу тарабынан аныкталат.
Сынактын катышуучусунун расмий суроо-талабы боюнча сынак документациясынын документ топтому берилет.
14. Сынакка катышуу үчүн табыштама берүүчү жарыя расмий сайтка жайгаштырылган күндөн тартып, ушул Тартиптин талаптарына ылайык, конкурстук комиссияга табыштаманы электрондук форматта “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу берет.
Техникалык мүмкүнчүлүк жок болгон учурда табыштама жарыяда белгиленген мөөнөттөрдө, бекитилген форма боюнча, жазуу жүзүндө төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен берилет:
– юридикалык жактын аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы, анын жайгашкан жери жана байланыш телефону;
– табыштама берүүчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорттук маалыматтары (сериясы, номери, качан жана ким тарабынан берилген, жашаган жери) жана байланыш телефону;
– көлмөнүн (суу участкасынын) аталышын көрсөтүү менен суралып жаткан лоттун (суу объектинин) номери;
– пландаштырылып жаткан балык чарба ишмердүүлүгүн түрлөрү;
– көлмөнүн (көлмө участкасынын) аталышы жана жайгашкан жери.
15. Сынакка катышуу үчүн зарыл болгон маалыматтар жана документтер табыштама берүүчү тарабынан электрондук форматта берилет. Ошол эле учурда Конкурстун уюштуруучусу “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан керектүү документтерди өз алдынча сурап алууга укуктуу.
Техникалык мүмкүнчүлүк жок болгон учурда табыштама берүүчү конкурстук комиссияга табыштама берүү менен кошо төмөнкү документтерди тапшырат:
– уюштуруу документтеринин, ИСН (салык төлөөчүнүн каттоо номери), юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
– табыштама берүүчүнүн атынан иш жүргүзүүгө ыйгарым укуктарды тастыктаган документ;
– сынакка коюлган суу объектиси (суу объектисинин участогу) боюнча, балык чарбасынын жетекчиси тарабынан бекитилген бизнес-планы, пландаштырылган өстүрүү, балык кое берүү жана товардык балыкты кармоо көлөмдөрүнүн эсептөөлөрү тиркелген, иштерди аткаруу мөөнөттөрү, аларды каржылоо булактары, экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу чаралары жана башка маалыматтар көрсөтүлгөн (түп нускасы);
– балык чарбачылык ишти жүзөгө ашырууга пайдаланылышы мүмкүн болгон инфраструктура объекттеринин, балык өстүрүүчү жабдуулардын, инкубациялык цехтердин жана аппараттардын, сүзүү каражаттарынын жана балык уулоо инвентарынын бар экендигин, алардын багытын жана санын тастыктаган документтер (бар болгон учурда);
– балык өстүрүү же балык уулоо процессине туруктуу негизде тартылуучу кызматкерлердин санын көрсөтүү менен сынакка коюлган суу объекттерине чектеш жээк аймактарындагы калк үчүн жумуш орундарын түзүү ниетин тастыктаган документтер.
Бизнес-планда көрсөтүлгөн сынак сунуштары (инвестициялар жана каржылоо, экологиялык туруктуулук, социалдык-экономикалык мааниси, аймакты өнүктүрүүгө кошкон салымы ж.б.) сынак документтеринде аныкталган талаптарга жана шарттарга ылайык даярдалып, сынак уюштуруучусуна берилиши керек.
16. Сынакка коюлган суу объектилерин (суу объектилеринин участкаларын) пайдаланууга мурда берилген өтүнмө ээлери өздөрүнүн табыштамасына кошумча төмөнкүлөрдү тиркөөлөрү керек:
– сынак өткөрүлүүчү жылдын алдындагы акыркы 3 жылдагы, же сынак өткөрүлүүчү жылдын алдындагы иш жүзүндөгү мезгил үчүн, эгерде бул мөөнөт 3 жылдан аз болсо, товардык балыктарды көбөйтүүнүн (өстүрүүнүн) көлөмүнүн же суу объектилерин багуу көлөмүнүн көрсөткүчтөрүн ырастоочу документтер, финансылык каражаттардын жумшалганын ырастоочу документтерди, отчетторду, жаш балыктарды чыгаруу актыларын, суу сактагычтарды жана башкаларды тиркөө менен;
– мурда пайдаланууга берилген ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо үчүн ышкыбоз балыкчыларга белгиленген тартипте берилген жеке балык уулоо билеттеринин (карточкаларынын) санын ырастоочу документтер (карточкалардан жана билеттерден, каттоо журналдарынан) же сынакка коюлган суу объектилери же анын участогу сынак өткөрүлүүчү жылдын алдындагы акыркы 3 жыл үчүн, же эгерде бул мөөнөт 3 жылдан аз болсо, иш жүзүндөгү мезгил үчүн жыл боюнча бөлүнөт.
17. Арыз ээси бир лот боюнча бир гана өтүнмө бере алат.
18 . Арыз ээси тарабынан сынак комиссиясына берилген
документтер номурланып, көктөлүп, арыз ээсинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек (жеке жактар үчүн, эгер бар болсо).
19. Сынакка катышуу үчүн документтер кош конвертте кабыл алынат. Тышкы конвертте сынакка катышууга табыштама, ал эми ички конвертте – сынак сунуштары болот. Сынак сунуштарын берүү учурунда ички конверт арыз ээси тарабынан чапталат.
20. Сынак комиссиясынын катчысы тарабынан арыз ээсине табыштаманын жана документтердин кабыл алынгандыгын жана катталгандыгын ырастоочу тил кат берилет. Табыштаманын жана ага тиркелген документтердин келип түшкөн күнү жана убактысы сынак комиссиясынын катчысы тарабынан тиешелүү журналга белгиленет.
Сынак комиссиянын катчысы талапкерлерден келип түшкөн табыштамалардын жана аларга тиркелген документтердин эсебин жүргүзөт жана тизмин түзөт.
Сынак комиссиясынын катчысы арыз ээлери берген сынак табыштамалардын жана тиркелген документтердин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
Сынакка катышууга табыштамалар, тиркелген документтер жана сынак комиссиянын протоколу сынакты уюштуруучу тарабынан келишимдин колдонуу мөөнөтүндө, бирок үч жылдан кем эмес сакталат.
21. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин келип түшкөн табыштамалар ачылбайт жана каралбайт жана ошол эле күнү арыз ээлерине кайтарылып берилет.
22. Талапкер белгиленген мөөнөткө чейин сынак комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүү менен сынакка катышууга өзүнүн табыштамаларын чакыртып алууга укуктуу.
23. Сынакка катышууга табыштамаларды четке кагуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
– сынак документациясында белгиленген талаптарга арыз ээсинин жана берилген табыштаманын, ошондой эле тиркелген документтердин ылайык келбеши;
– документтердин толук эмес топтомун берүү;
– мындай аракеттерди жасоого ыйгарым укусуз адам тарабынан арыз берүү;
– сынакты уюштуруучу менен мурда түзүлгөн келишимдер боюнча сынак өткөрүлүүчү жылдын алдындагы мезгил үчүн суу объектилерин же алардын айрым участкаларынын балык чарбалык пайдалануу үчүн арыз ээсинин төлөнбөгөн карызынын болушу.
24. Эгерде арыз ээси сынакка тандоонун акыркы мөөнөтү
аяктаганга чейин сынакты уюштуруучу менен мурда түзүлгөн келишимдер боюнча чегерилген карызды сынак өткөрүлүүчү жылдын алдындагы мезгил үчүн толук төлөбөсө, сынак комиссиясы сынакка катышууга табыштаманы четке кагат,
25. Табыштаманы кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө, анын себебин көрсөтүү менен, сынактын катчысы тарабынан берилген документтерди инвентаризациялоо боюнча белги коюлат, анын бир нускасы комиссияда калат.
26. Сынакка катышууга жол берилбеген арыз ээлери ал жөнүндө
аларга тиешелүү билдирүүнү тапшыруу жолу менен же табыштаманы кабыл алуу протоколуна кол коюлган күндөн тартып 3 күндүн ичинде почта аркылуу жөнөтүлүп (тапшырык кат менен ) кабарланат.
5-глава. Сынак комиссиясы
27. Сынактын жеңүүчүсүн аныктоо үчүн сынак комиссиясы (мындан ары – Комиссия) түзүлөт.
28. Комиссиянын курамын сынакты уюштуруучу аныктайт, бирок комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы саны тогуздан ашпоого тийиш.
29. Комиссиянын курамына айыл чарба, балык чарба, ветеринардык-санитардык кызмат, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, балык өстүрүү жана балык уулоо жаатындагы илимий, коомдук уюмдардын жана бирикмелердин өкүлдөрү кирет.
30. Сынактын уюштуруучусу айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө сунуш киргизет.
31. Комиссия төмөнкүдөй иштерди жүргүзөт:
– сынакты өткөрөт;
– өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгын карайт;
– белгиленген баалоо критерийлерине ылайык сынактын жеңүүчүсүн аныктайт.
32. Сынак комиссиясынын иши отурум формасында жүзөгө ашырылат, аны төрага, ал жок болго учурда төраганын орун басары жетектейт. Сынак комиссиясынын отурумдарын комиссиянын катчысы уюштурат.
Комиссиянын катчысы иш башталганга үч күндөн кем эмес убакытта комиссия мүчөлөрүнө отурум өтөрү тууралуу кабарлайт.
Комиссия мүчөлөрү отурумуга өздөрү катышат.
33. Комиссия өз ишинде сынакты уюштуруучусу тарабынан
иштелип чыккан жана ушул Тартипке ылайык комиссиянын отурумунда кабыл алынган регламентти жетекчиликке алат.
34. Комиссиянын отурумдарында протокол жүргүзүлөт, анда төмөнкүлөр камтылат:
– сынактын предмети;
– сынакты өткөрүү формасы;
– сынактын катышуучуларынын саны жана аты-жөнү;
– баа берүүнүн мазмуну, критерийлерди салыштыруу жана сынактын жеңүүчүсүн тандоо үчүн негиз, ал эми бардык өтүнмөлөр четке кагылган учурда – аларды четке кагуунун себептери.
35. Ага анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү катышса, сынак комиссиясынын отурумдары укуктуу болуп саналат.
36. Сынак комиссиясынын чечимдери тиешелүү протокол менен таризделет, ага төрага, катчы жана комиссиянын отрумуна катышкан комиссия мүчөлөрү кол коюшат. Комитеттин ар бир мүчөсү жазуу жүзүндө өзгөчө пикирин билдирүүгө жана аны протоколго тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколдо белгиленет.
37. Сынак комиссиясынын төрагасы комиссиянын отурумдарын алып барат, сынактын жеңүүчүсүн жарыялайт, ал эми катчы комиссиянын отурумунун протоколун жүргүзөт.
38. Сынактын алдында комиссиянын катчысы:
– жалпыга маалымдоо каражаттарына сынак жөнүндө кулактандырууну өз убагында берет;
– сынактын катышуучуларына сынактын шарттары боюнча консультация берет;
– сынакка катышуу үчүн анкеталардын тийиштүү санын, аларды толтуруу боюнча нускамаларды даярдайт;
– ар бир табыштамага анын келип түшкөн датасын жана убактысын, ошондой эле комиссияга берүү үчүн зарыл болгон аларга тиркелген материалдарды көрсөтүү менен катар номерин берип, табыштамаларды кабыл алат жана каттайт;
– сынакты өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык иштерин жүргүзөт;
– сынакты даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан башка функцияларды аткарат.
39. Адилетсиз атаандаштык аныкталган учурда, комиссия каалаган убакта берилген лотту сынактан чакыртып алууга же лот боюнча сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууга укуктуу.
40. Сынактын катышуучусу тарабынан адилетсиз атаандаштык белгилеген учурда, катышуучу ошол лот боюнча сынакка андан ары катышуу укугунан ажыратылат.
6-глава. Сынакка катышуу үчүн
өтүнмөлөрү менен конверттерди ачуу
41. Сынак комиссиясынын мүчөлөрү сынак табыштамалары салынган конверттерди кулактандырууда көрсөтүлгөн жерде жана убакытта комиссиянын отурумунда ачышат.
42. Сынак табыштамалары салынган конверттерди ачуу жол-жобосун баштоонун алдында комиссия алардын сакталышын текшерет.
43. Сынак комиссиясынын мүчөлөрү сынакка катышууга табыштамалар салынган конверттерди комиссиянын отурумунда кулактандырууда көрсөтүлгөн жерде жана убакытта ачышат.
44. Сынакка катышуучунун же анын өкүлүнүн сынак
табыштамалар салынган конверттерди ачуу боюнча комиссиянын отурумуна келбеши, табыштаманы комиссияда карабоо үчүн негиз болуп саналбайт.
45. Суу объектилерин же балык өстүрүүчү жана көлмөлөрдүн балык уулоо участкаларын пайдаланууга, өнөр жайлык балык уулоого берүүгө сынак табыштамаларын кароо комиссия тарабынан конверттер ачылган учурдан тартып беш жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.
46. Сынак табыштамаларын кароонун жүрүшүндө комиссия сынактын катышуучуларын түшүндүрмөлөрдү берүүгө чакырууга же берилген документтердин аныктыгын тастыктоо үчүн тиешелүү органдарга жазуу жүзүндөгү суроо-талапты жөнөтүүгө укуктуу.
47. Сынак документациясы жок же талаптагыдай таризделбеген жана сынактын катышуучусу сынак документациясында белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда, мындай катышуучу сынак шарттарына жооп бербейт деп таанылат жана андан ары сынакка катышууга уруксат берилбейт, бул жөнүндө протоколдо белгиленет.
48. Эгерде табыштамалара салынган конверттерди ачуу жана белгилүү бир лот боюнча табыштамаларага мүмкүндүк ачуу жол-жобосу башталганга чейин бир дагы табыштама берилбесе же бардык талапкерлердин белгилүү бир лотуна сынакка катышуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса, конкурстун уюштуруучусу ушул Тартипке ылайык 2 айдын ичинде жаңы сынак өткөрөт.
7-глава. Конкурстук тапшырыктарды салыштыруу
жана баалоо критерийлери
49. Аквакультура максатында суу объектилерин жана балык өстүрүү участкаларын берүү боюнча сынактын жеңүүчүсүн аныктоо үчүн критерийлердин жана баллдардын тутум боюнча атаандаштын бизнес-планына жана ишмердүүлүгүнө баа берилет. Катышуучу топтой турган балладын максималдуу саны – 100 балл.
50. Ар бир жеке лот боюнча берилген жана сынакка катышууга уруксат берилген бардык табыштамалар баа берүүнүн төмөнкү критерийлерине ылайык бааланат жана салыштырылат:
Бизнес-план (50 баллга чейин):
1) өндүрүштүк программа – пландалган өстүрүүнүн же уулоонун көлөмү (15 баллга чейин);
2) инвестициялар жана каржылоо – инвестициянын көлөмү жана булактары, бизнес-пландын максатка ылайыктуулугу (15 баллга чейин);
3) экологиялык туруктуулук – айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу, биологиялык коопсуздукту камсыздоо иш-чараларынын болушу (10 баллга чейин);
4) социалдык-экономикалык мааниси – жумуш орундарын түзүү, жергиликтүү коомчулукту тартуу (10 баллга чейин).
Чарбанын ишмердүүлүгү (50 баллга чейин):
1) аквакультурадагы ишинин мөөнөтү, бузуулардын жоктугу (15 баллга чейин);
2) материалдык-техникалык база – өндүрүштүк кубаттулуктардын болушу (инкубация цехтери, жабдуулар жана балык өстүрүү шаймандары) (10 баллга чейин);
3) кадр потенциалы – тиешелүү билими жана иш тажрыйбасы бар квалификациялуу адистердин болушу (10 баллга чейин);
4) төлөнбөгөн салыктар боюнча төлөмдөрдүн же келишим
боюнча бузуулардын жоктугу (10 баллга чейин);
5) аймакты өнүктүрүүгө кошкон салымы ж.б. (10 баллга чейин).
51. Өнөр-жайлык балык уулоо максатында суу объектилеринин балык уулоо участкаларын берүү боюнча сынактын жеңүүчүсүн аныктоо үчүн балык уулоо участкасын пайдалануу боюнча аталган иш-чаралардын негиздүүлүгүнө, анын ичинде балык кармоонун пландаштырылган көлөмүнүн белгиленген лимиттерге/квоталарга ылайык келишине баа берилет. Катышуучу топтой ала турган баллдын максималдуу саны – 100 балл.
52. Ар бир өзүнчө лот боюнча берилген жана сынакка катышууга кабыл алынган бардык табыштамалар төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:
1) балык кармоонун пландаштырылган көлөмүнүн бекитилген лимиттерге (квоталарга) жана балык уулоо эрежелерине ылайык келүүсү (20 баллга чейин);
2) уруксат берилген балык уулоо шаймандарын жана ыкмаларын колдонуу (20 баллга чейин);
3) суу биологиялык ресурстарын коргоо боюнча чаралар: урук чачуучу жерлерди, кыштоо чуңкурларын коргоо, браконьерлик балык уулоого жол бербөө (15 баллга чейин);
4) балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү программаларына катышуу (15 баллга чейин);
5) аймактарды өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүү кошкон салымы (15 баллга чейин);
6) өнөр-жайлык балык уулоо тажрыйбасынын, суу транспортунун, шаймандарынын болушу ж.б. (15 баллга чейин).
8-глава. Сынакка катышууга табыштамаларды кароо,
баалоо жана салыштыруу
53. Сынак комиссиясы келишим түзүүнүң эң мыкты шарттарын аныктоо үчүн сынакка катышууга табыштамаларды кароону, баалоону жана салыштырууну жүзөгө ашырат.
54. Сынактын жыйынтыктары табыштамаларды баалоо жана салыштыруу протоколу менен таризделет, аны баалоо жана салыштыруу жүзөгө ашырылган жана сынактын жыйынтыгы чыгарылган күнү комиссиянын төрагасы, катчысы жана комиссиянын отурумуна катышкан комиссия мүчөлөрү кол коюшат.
55. Табыштамаларга баа берүү жана салыштыруу протоколу 2 нускада түзүлөт, анын бири комиссиянын төрагасында сакталат, ал эми экинчиси сынактын уюштуруучусуна өткөрүлүп берилет.
56. Табыштамаларга баа берүү жана салыштыруу мөөнөтү табыштамаларды кароо протоколуна кол коюлган күндөн тартып 10 жумуш күндөн ашпашы керек.
57. Табыштамаларга баа берүү жана салыштыруу протоколу ага кол коюлган күндөн тартып 5 жумуш күн ичинде сынактын уюштуруучусу тарабынан айыл-чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
58. Сынактын катышуучусу табыштамаларга баа берүү жана салыштыруу протоколу менен тааныша алат жана сынактын уюштуруучусуна сынактын жыйынтыктары боюнча түшүндүрмө берүү тууралуу суроо-талапты кат жүзүндө өзү же почта аркылуу, же электрондук формада жөнөтө алат.
59. Сынакты уюштуруучу мындай суроо-талап келип түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күн ичинде сынактын катышуучусуна тиешелүү түшүндүрмөлөрдү кат жүзүндө же почта аркылуу жөнөтүүгө, же электрондук формада берүүгө милдеттүү.
60. Табыштамаларды баалоону жана салыштырууну жүргүзүү мөөнөтүнүн ичинде сынакка катышып жаткан ар бир катышуучу, себептерин түшүндүрбөстөн, белгилүү бир лотко катышуудан баш тарткандыгы тууралуу комиссияга билдирме жөнөтө алат.
9-глава. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу
61. Өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы сынак табыштамалары салынган конверттер ачылган учурдан тартып 10 жумуш күн ичинде комиссия тарабынан ишке ашырылат.
62. Сынак комиссиясы, ушул Тартиптин 7 главасында белгиленген критерийлерге ылайык сынактын жеңүүчүсүн аныктоо максатында сынакка катышуу табыштамасын кароону, баалоону жана салыштырууну жүзөгө ашырат.
63. Табыштаманы баалоо жана салыштыруу комиссия тарабынан төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) ар бир баалоо критерийи үчүн катышуучуга балл саналат, балл төмөнкүчө аныкталат: конкреттүү табыштама ээсинин критерийинин мааниси ошол критерий боюнча берилгендердин ортосундагы максималдуу мааниге бөлүнөт жана бөлүштүрүүнүн натыйжасы ошол критерий боюнча ыйгарылган баллдардын максималдуу санына көбөйтүлөт;
2) бардык критерийлер боюнча ар бир катышуучу үчүн баллдын суммардык саны аныкталат;
3) эң көп балл топтогон катышуучу сынактын жеңүүчүсү деп танылат.
64. Эгерде эки же андан көп катышуучу бирдей балл топтосо, анда төмөндөгүлөрдү аткарган талапкерге артыкчылык берилет:
1) суу биологиялык ресурстарын коргоо жана көбөйтүү боюнча иш-чаралардын кеңири чөйрөсүн сунуштаган;
2) эгерде көрсөтүлгөн көрсөткүч бирдей болгондо – жергиликтүү калк үчүн жумуш орундарынын көбүрөөк санын түзгөн;
3) эгерде андан ары теңчилик сакталса – мурда балык чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарды бузбаган.
65. Топтолгон баллдын жалпы санынын негизинде эң жакшы шарттарды камтыган тиркемеге биринчи катар номер ыйгарылат.
10-глава. Сынактын жеңүүчүсүн аныктоо
66. Табыштамасында сынактын жеңүүчүсүн аныктоонун белгиленген критерийлерине эң ылайык келген сынактын сунуштары камтылган жана табыштамаларды кароонун, баалоонун жана салыштыруунун натыйжалары боюнча биринчи катар номер ыйгарылган катышуучу сынактын жеңүүчүсү деп таанылат.
67. Сынакты уюштуруучу сынак комиссиясы тарабынан табыштамаларды баалоо жана салыштыруу протоколуна кол коюлган учурдан тартып, 3 жумуш күндүн ичинде сынактын жеңүүчүсүнө аны сынактын жеңүүчүсү деп таануу тууралуу билдирмени кат жүзүндө жөнөтөт.
68. Сынак комиссиясы тарабынан табыштамаларды баалоо жана салыштыруу протоколуна кол коюлган учурдан тартып, 10 жумуш күндүн ичинде сынакты уюштуруучу жана жеңүүчү балык чарбасы ишин жүргүзүү үчүн суу объектин же балык уулоо участкасын бекитип берүү тууралуу эки нускадан турган келишимге кол коюшат, ар бир тарап үчүн бирден нуска түзүлөт, ал белгиленген формадагы журналга катталат.
69. Эгерде сынактын жеңүүчүсү сынак комиссиясы тарабынан табыштамаларды баалоо жана салыштыруу протоколуна кол коюлган учурдан тартып, 10 жумуш күндүн ичинде сынакты уюштуруучу менен келишим түзбөсө, сынактын бул бөлүгүндөгү жыйынтык жокко чыгарылат жана табыштамасына экинчи катар номер ыйгарылган башка катышуучу менен келишим түзүлөт.