Редакцияот 26.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

XXVIII чакырылыштын 5 (кезектүү) сессиясы

 

2021-жылдын 26 ноябры № 33

Гавриловка айылдык аймагынын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамын бекитүү жөнүндө

Гавриловка айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.И.Тюлемишованын “Гавриловка айылдык аймагынын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамын бекитүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Гавриловка айылдк аймагынын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин:

1) Алымкулова А.Ш. – Гавриловка айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары, - жумушчу топтун төрайымы;

2) Касымбеков Т.Д. – Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты;

3) Абадбеков М.А. – Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты;

4) Молдоканова А.М. – Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты;

5) Куртанова А. Д. – Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты;

6) Тюлемишова Т.И. – Гавриловка айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;

7) Карымшакова Ж.Б. – Гавриловка айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөүмүнүн башчысы;

8) Мамбеталиева В.А. – Гавриловка айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси;

9) Кашапов М.М. – Гавриловка айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси;

10) Таштанбеков М.– Гавриловка айыл өкмөтүнүн Көрктөндүрүү комбинатынын мүдүрү;

11) Минбаева М.Б. –Романовка айылынын айыл башчысы;

12)           Жайлобаев Р.И. –Шалта айылынын айыл башчысы;

13) Курманбаев Р.С. –Жангарач айылынын айыл башчысы;

 

2. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.Т.Ибраимов