Загрузка документа…
БИРИМДИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-декабры № 125
Биримдик айыл аймагындагы Ак-Дөбө айылынын муниципалдык Талас көчөсүндөгү мыйзам бузуу жолу менен каттаган транспорттун каттоо багыты жөнүндө.
Биримдик айыл аймагындагы Ак-Дөбө айылынын тургуну М.Э.Джанчыкуловдун Биримдик айыл аймагынын Ак-Дөбө айылынан Айдар көчөсүнөн өткөн мамлекеттик автотранспорт Талас-Тараз жолунан каттаган авто транспорттор каттамдык багыты Ак-Дөбө айылынын муниципалдык Талас көчөсү аркылуу макулдашуу келишими тактоо учурунда жоктугу аныкталып, каттап жатканы жөнүндө маалыматын угуп талкуулап,Биримдик айылдык кеңешинин II чакырылышынын XVIII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кырыгыз Республикасынын Конститутциясынын 111жана 114-беренелери, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 27-беренеси жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө 1-3-беренелерине ылайык, Талас-Тараз жолунун транспорт каттоо маршруту, Ак-Дөбө айылында мыйзамсыз өзгөртүлгөндүгү аныкталып, Ак-Дөбө айылынын муниципалдык Талас көчөсү аркылуу транспорт каттамы токтотулсун.
2. Ак-Дөбө айылындагы Талас-Тараз жолунун транспорт каттоо өзгөртүлгөн маршрутун калыбына келтирүү жана тиешелүү органдарга кайрылуу жана мыйзам бузууну четтетүү жагы айыл өкмөт башчысына жана демилгелүү топко дайындалсын.
3. Ак-Дөбө айылынын Талас көчөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктоо үчүн демилгелүү топ түзүлсүн.
4. Демилгелүү топтун курамына жергиликтүү жарандардан:
Джанчыкулов Максат Эсенбекович
Упенов Ильяс Шерипбекович
Жергиликтүү кеңештин депутаты Турдукулов Азат Темирбековичтер дайындалсын.
5. Токтомдун аткаруу жагын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Т.А.Бечелов |