Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-февралы № 106/18-6
2026-жылга карата Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү
жана 2027–2028-жылдарга карата болжолу жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 4-февралындагы кириш №01‑07/10 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 4,5,6‑февралындагы отурумдарынын №26 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башчысы М.Т.Эсеналиевдин “Токмок шаарынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2027–2028-жылдарга карата болжолу жөнүндө” докладын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78, 102‑беренелерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин контролдук цифраларын, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга республикалык бюджети жана 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын жергиликтүү бюджети киреше жана чыгаша боюнча 2026‑жылга атайын каражаттарды эсепке алуу менен – 502 418,0 миң сом суммасында (анын ичинде: бюджеттик каражаттар – 455 631,6 миӊ сом, атайын каражаттар- 46 786,4 миӊ сом), 2027-жылга болжол – 555 004,0 миң сом (анын ичинде: бюджеттик каражаттар – 508 217,6 миӊ сом, атайын каражаттар – 46 786,4 миӊ сом), 2028-жылга болжол – 612 501,0 миң сом (анын ичинде: бюджеттик каражаттар – 565 714,6 миӊ сом, атайын каражаттар – 46 786,4 миӊ сом), №1, №2, №2/1 тиркемелерге жана 2026-2028-жылдарга киреше бөлүгү боюнча жөнгө салуу планы №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2026-жылдын жана 2027-2028-жылдарга болжолун жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын анык алынган кирешенин чегинде, ошол эле учурда биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, Социалдык фондго чегерүү, тамак-аш, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул), коммуналдык кызматтарын, көмүр алууну ошондой эле шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карыздарын жабууга каржылоо белгиленсин.
3. Токмок ш. жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай каражат 2026-жылдын 1-январына карата 250,0 миң сом суммасында белгиленсин. 4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башчысы (Эсеналиев М.Т.):
-Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетин аткаруу процессинде, экономикалык кырдаал өзгөрүлгөн учурларда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен 2026‑жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча планды тактоо боюнча иштерди чейрек сайын жүргүзсүн;
- 2026-бюджеттик жылдын ичинде 2025-жыл үчүн шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карызын жабуу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына шаардын жергиликтүү бюджетин аткарууда өндүрүштүк муктаждык болгон учурда шаардык бюджетти алуучулардын сунушу боюнча жана Токмок шаарынын мэриясынын буюрмаларына ылайык бөлүмдүн чегинде (эмгек акыдан жана Социалдык фондго чегерүүлөрдөн тышкары) жана бюджеттик жылдын чейректен чейрекке чейин бюджеттик ассигнованиелердин чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилсин.
6. Бюджеттик каражаттардын башкы башкаруучусуна (Токмок шаарынын мэри) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренесине ылайык төмөнкү укуктар берилсин:
- жергиликтүү бюджеттин негизги параметрлерин сактоо менен чыгашалардын экономикалык классификациясынын статьяларынын ортосунда каражаттарды кайра бөлүштүрүү.
7. Шаардын жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер келип түшкөн учурларда, көрсөтүлгөн каражаттардын максаттуу багытта колдонулушу Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизилет жана Токмок шаардык кеңештин сессиясында бекитилет.
Түшкөн каражаттар биринчи кезекте 2025-жыл үчүн шаардын бюджеттик мекемелеринин коммуналдык кызматтар жана башка биринчи кезекте каржылануучу чыгашалар беренелери боюнча, ошондой эле, шаардын калкына берилген жылуулук энергиясын субсидиялоого жөнөтүлсүн.
8. Токмок шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы (Оморов Б.О.)
-экономиканын көмүскө секторун мыйзамдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен салыктарды жана төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча чараларды көрсүн;
-салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бардык түрлөрү боюнча бекитилген пландардын ай сайын аткарылышын камсыздасын;
-жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр калдыктарын кыскартуу боюнча иштерди күчөтсүн;
-ай сайын шаардык жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин салыктар жана салык эмес кирешелердин бардык түрү боюнча келип түшүүлөр жана чегерүү боюнча керектүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына сунуштасын.
9. Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын у.м.а. (Намасалиев Ю.Б.):
-ай сайын төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча бекитилген пландын көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын камсыз кылсын;
-шаардын муниципалдык менчигиндеги объектилерди жана жерлерди натыйжалуу пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен төлөмдөрдү жана жыйымдарды көбөйтүү боюнча чараларды кабыл алсын;
-ай сайын шаардык жергиликтүү бюджеттин муниципалдык менчиктеги объектилерин пайдалануудан түшкөн жана чегерүү боюнча кирешелердин, төлөөчүлөр жана ижарачылар боюнча (юридикалык жана жеке жактар) маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына сунуштасын.
10. Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинен “Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок” муниципалдык мекемесинин 5 штаттык бирдигин камсыздоого 1 690,9 миң сом суммасында каражат каралсын.
11. “Токмок шаарынын Коммуналдык ишканалар комбинаты” муниципалдык ишканасына 70 000,0 миң сом суммасында каражат каралсын.
12. Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинен Токмок шаарынын кварталдык комитеттеринин төрагаларына муниципалдык кызмат көрсөткөндүгү үчүн түзүлгөн эмгек келишимге ылайык каражат каралсын.
13. Шаардын жергиликтүү бюджеттен каржыланган бюджеттик мекемелери шаардын бюджети бекитилгенден кийин 14 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча чыгашалар сметасын, штаттык түзүмүн жана чыгашалар беренелери боюнча чечмелөөнү сунуштоого милдеттендирилсин.
14. Шаардын бюджеттик мекемелерине атайын каражаттарды колдонууда казына системасын четтеп өтүүгө тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартипти бузган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынат.
15. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, Токмок шаардык бюджеттик мекемелери тарабынан коммуналдык кызматтар боюнча (суу, электр энергиясы, жылуулук энергиясы, байланыш кызматтары үчүн төлөм) коюлган ченем катуу кармалсын.
16. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык Токмок ш. мэринин резервдик фонду бюджеттик чыгымдын көлөмүнүн өлчөмү 2% чейин түзүлсүн (5 000,0 миң сом).
17. Шаардын бекитилген бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаарынын мэри А.К.Эргешовго жүктөлсүн.
18. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Т. Тынайбеков |