ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXVIII чакырылыштын 5 (кезектүү) сессиясы
2021-жылдын 26 ноябры № 31
2021-жылдын аягына карата малды жана үй канаттууларын каттоону өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл чарба Министрлигинин 2021-жылдын 19-ноябрындагы №399 тескемесин, жана Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 26-ноябрындагы “2021-жылдын 10-декабрынан 25-декабрына чейин малдын жана үй канаттууларынын бир жолку эсебин жүргүзүү жөнүндө” № 478-Б тескемесин аткаруу максатында, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мал жана үй канаттууларын эсепке алуу үчүн тартылган кызматкерлерге 25 сомдон эмгек акы ар бир короо-сарайы үчүн төлөнүп берүү, автотранспорт каражаттарын пайдалануу жана иш жүзүндөгү чыгымдарды төлөп берүү үчүн Гавриловка айыл өкмөтүнүн бюджетинен 75 000 сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнсүн.
2. Финансы экономикалык бөүмүнүн башчысы ЖюБ.Карымшакова акча каражаттарды издесин.
3. Тартылган жумушчулардын негизги жумуш орду боюнча эмгек акысы же убактылуу иштебегендердин жумушсуздук боюнча алган жөлөкпулу сакталсын,
4. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |