Загрузка документа…
БИРИМДИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-декабры № 128
“Өзгөрүш айылынын Төң-Төрт каналы жөнүндө”
Биримдик айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сулаймановдун Өзгөрүш айылындагы Төң-Төрт каналы жөнүндөгү сунушун угуп талкуулап, Биримдик айыл аймагынын айылдык кеңешинин IIчакырылышынын XVIII кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ОсОО “Ай-Тамга” Жетекчиси Ж.Жоробеков чакан ГЭС куруп жана аны ишке берүү үчүн Өзгөрүш айылындагы Төң-Төрт каналын 19 га жерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы №535 жобосуна ылайык ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Ижара акысы 80 000 (сексен миң) сомго бекитилсин.
3. Каналдан өтүүчү 5 көпүрө жана 12 суу тосмолору калыбына келтирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Биримдик айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Т.А.Бечелов |