ТАШ-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Мойнок айылдык кеңешинин 29 чакырылышынын кезектеги отуруму
2025-жылдын 14-октябры № 88
Долбоордун биргелешип каржылоого жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат бѳлүү жѳнүндѳ
«Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Таш-Мойнок айыл аймагынын башчысы Б.С.Асанкуловдун жана Сакин Бегматова атындагы Таш-Мойнок мектебинин мүдүрү В.И. Чылпакбаеванын «Сакин Бегматова атындагы Таш-Мойнок жалпы билим берүү мектебинин тегерегиндеги жолдорун жана мектеп алдындагы аянтчаларын асфальттоо» долбоору жѳнүндѳгү сѳзүн угуп,талкуулап жана отурумдун протоколунун негизинде,Таш-Мойнок айылдык кенеши
Токтом кылат:
1.«Сакин Бегматова атындагы Таш-Мойнок жалпы билим берүү мектебинин тегерегиндеги жолдорун жана мектеп алдындагы аянтчаларын асфальттоо» долбоорунун документтерин даярдоо Таш-Мойнок айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.С. Асанкуловго тапшырылсын.
2.Долбоорду биргелешип каржылоого жана ишке ашырууга Таш-Мойнок айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен -875 000 сомакча каражаты бѳлүнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.
Таш-Мойнок айылдык кеңешинин тѳрагасы |
|
Ташматов С.П. |