Загрузка документа…
|
| |
|
| 6-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 05/2-17/39 буйругуна) |
Балык чарбасын өнүктүрүү жана пайдалануу үчүн
берилүүчү табигый жана жасалма көлмөлөрдүн балык
чарба потенциалы жөнүндө балык чарба-биологиялык негиздемесин түзүүнүн тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип туруктуу аквакультураны өнүктүрүү максатында балык өстүрүүнүн жана товардык аквакультураны (жайыттык, рекреациялык, садок жана көлмө-бассейндик) өндүрүшүн уюштурууну жана балык тукумун көбөйтүүчү материалды өндүрүүнү (толук системалуу чарбаларды жана балык питомниктерин/балык өстүрүүчү заводдорду түзүү) уюштуруу үчүн балык өстүрүү- биологиялык негиздемени даярдоо тартибин белгилейт.
2. Бул Тартипте товардык аквакультура өзүнө жайыт, көлмө, өнөр-жайлык аквакультураны (садок, бассейн жана суунун жабык айлампа менен айлануу системалары бар жабдуу) камтыйт. Балык тукумун көбөйтүүчү материалды өндүрүү толук системдүү балык өстүрүү чарбаларында (ал жакта, ошондой эле товардык балыктар да өндүрүлөт), балык өстүрүүчү заводдордо, балык питомниктеринде жүзөгө ашырылат.
Тартипте балык өстүрүү-биологиялык чарбасынын эки тибин иштеп чыгуу каралган:
1) биринчи түрү – балык чарбачылык маанидеги суу объектилеринде жайыттык, рекреациялык жана садоктук аквакультураны түзүү үчүн, балык чарба ишин жүргүзүү максатында жеңил конструкциялардан жасалган убактылуу балык өстүрүү объектилерин суу коргоо зоналарында жана участкаларына жайгаштырууну (куруусуз) киргизүү менен;
2) экинчи тип – капиталдык курулуштарды курууну караган товардык балыктарды жана балык тукумун көбөйтүүчү материалдарын өндүрүү үчүн толук көлөмдөгү чарбаларды, балык өстүрүүчү заводдорду, көлмө-бассейндик семиртүү (товардык) балык чарбаларын түзүү үчүн.
3. Балык чарбалык-биологиялык негиздеме зарыл болгон учурда илимий борборлордун жана лабораториялардын адистеринин тартуу менен балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистери тарабынан иштелип чыгат.
Балык чарбалык-биологиялык негиздеме 10 жылдык мөөнөткө түзүлөт жана диаграммаларды, таблицаларды, карталарды жана сүрөттөрдү камтышы мүмкүн.
4. Ушул Тартипте Кыргыз Республикасынын балык чарбалык маанидеги бардык суу объектилерине, анын ичинде аквакультураны жана балык чарбасын уюштуруу жана жүргүзүү үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон табигый жана жасалма суу объектилерине, суу сактагычтарга, дарыяларга жана жер астындагы сууларга жайылтылат.
5. Бул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) аквакультура – кийин сатуу үчүн аквакультура продукциясын алуу үчүн толук же жарым-жартылай контролдонуучу шарттарда аквакультуранын түрлөрүн өстүрүү, багуу жана өстүрүүнү камтыган айыл чарба ишинин түрү;
2) акватория – табигый, жасалма же шарттуу чектер менен чектелген суу бетинин аянты;
3) бассейн – балыктарды кармоо үчүн көбүнчө бетондон курулган суу менен камсыздоо жана дренаждык системасы бар жасалма курулуш. Ошондой эле бассейн деп балык кармоо үчүн арналган бетондон, полипропиленден же айнектен жасалган идишти да аташат;
4) суу сактагыч – сугат, энергетика жана балык чарбасы үчүн сууну топтоо жана сактоо үчүн пайдаланылуучу жасалма суу объектиси. Анын көл, нук, жайылма же сай түрлөрү болушу мүмкүн, алардын акыркы үчөө көлмөлөр деп да аталат:
– нуктуу көлмө (же нуктуу суу сактагыч) дарыяны плотина менен тосуу жолу менен түзүлөт;
– жайылма көлөмө (же жайылма суу сактагыч) дарыя жайылган жерди дамба менен тосуу жолу менен түзүлөт;
– сай көлмөсү (же сай суу сактагычы) сайды же капчыгайды плотина менен тосуу жолу менен түзүлөт;
5) суу биологиялык ресурстары – бул табигый жана жасалма көлмөлөрдөгү табигый эркин абалында турган балыктар, суу омурткасыздары жана башка суу жаныбарлары жана өсүмдүктөрү;
6) өнөр жай аквакультурасы – бул балык өстүрүүчү бассейндерде, айлампа менен айлануу системалары бар жабдуу бар түзүлүштөрдө, садок конструкцияларында жүзөгө ашырылуучу аквакультура багыты;
7) суу объектилеринин морфометриялык көрсөткүчтөрү – рельефтин формаларынын сандык мүнөздөмөлөрү: сызыктуу, аянттуу, көлөмдүк (тереңдик, орточо тереңдик, жээк сызыгынын мүнөзү ж.б.);
8) аквакультура объекти – көбөйтүү, багуу же өстүрүү объекттери болуп саналган балыктардын жана башка суу биоресурстарынын түрлөрү, породалары жана гибриддери;
9) толук системалуу чарба – личинкалардан баштап товардык көлөмдөгү балыктарга чейин балык өстүрүү менен алектенген, толук технологиялык цикли бар балык чарбасы;
10) жайыт аквакультурасы – табигый семиртүү шарттарында товардык балык алуу үчүн балык тукумун көбөйтүүчү материалдарын кое берүү жолу менен балык чарба сууларында жүзөгө ашырылуучу аквакультура багыты;
11) көлмө аквакультурасы – товардык балык продукциясын өндүрүү максатында, адам контролдогон шарттарда көлмөлөрдө жана суу толгон карьерлерде балыкты көбөйтүү жана өстүрүү боюнча аквакультура багыты;
12) толук системалуу чарба – личинкалардан баштап товардык өлчөмдөгү балыктарга чейин балык өстүрүү менен алектенген, толук технологиялык цикли бар балык чарбасы;
13) рекреациялык аквакультура – көлмө жана жайыт аквакультурасынын бир түрү, мында балык чарбалык суу объекттери (көлдөр, суу сактагычтар, дарыялар) ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу үчүн да пайдаланылат;
14) балык питомниги – технологиялык цикли толук эмес балык чарбасы, мында балык тукумун көбөйтүүчү материалдар гана өстүрүлөт;
15) балык чарба көлмөсү – балык чарбасын жүргүзүү үчүн пайдаланылган же пайдаланылышы мүмкүн болгон же балык ресурстарын көбөйтүү үчүн мааниси бар балык чарбалык маанидеги суу объектиси;
16) балыктын өндүрүмдүүлүгү – табигый тоют запастарын (балыктын табигый өндүрүмдүүлүгүн) жана/же жасалма тоютту пайдалануу аркылуу бир вегетация мезгилинде алынган суу сактагычтын аянтынын бирдигине эсептелген балыктын жалпы саны (биомасса);
17) балык продукциясы – бул суу сактагычтын аянтынын бирдигинен белгилүү бир мезгилде (күн, жума, мезгил) алынган балыктын жалпы массасы. Балык өндүрүүнүн жана көлмөлөрдүн балык продуктуулугунун наркы суу сактагычтын аянтынын бир гектарына салмак бирдигинде (килограмм, центнер, тонна) менен көрсөтүлөт;
18) балык өстүрүү – балык чарба сууларын балыктандыруу үчүн икраларды инкубациялоо жана балыктын баалуу түрлөрүнүн чабактарын өстүрүү;
19) балык көбөйтүүчү завод –материалдарын өндүрүү цикли толук эмес балык чарбасы. Балык питомнигинен айрымаланып, ал балык чарбалык маанидеги суу объектисинин жанында ошол суу объектисинде урук чачуучуларды кармоо максатында орнотулат;
20) балык тукумун көбөйтүүчү материал – табигый жана жасалма суу объетилеринде товардык балыктарды алуу же асыл тукум балык өстүрүү үчүн атайын түзүлүштөргө интродукциялоо үчүн жасалма жол менен өстүрүлгөн балык чабактары (личинкалар, чабактар, бир жайлыктар, бир жылдыктар);
21) балык чарба экспертизасы – бул балык чарба маанидеги суу объекттеринде балык ресурстарын табигый көбөйтүү жана жашоо шарттарын сактоо максатында чарбакер субъекттердин чарбалык ишинин (пландоо, жайгаштыруу, куруу, реконструкциялоо, эксплуатациялоо) суудагы биологиялык ресурстарга жана алардын жашоо чөйрөсүнө тийгизген таасирин баалоо боюнча иш-чаралардын комплекси;
22) садоктук аквакультура – атайын жабдылган табигый же жасалма жол менен түзүлгөн суу объектеринде же садоктордо балык өстүрүү;
23) балыктардын жашоо чөйрөсү – балыктар табигый эркиндик абалында жашаган табигый суу чөйрөсү (суу объектиси);
24) товардык балык чарбасы – товардык продукцияны алуу максатында балыктын түрлөрүн жана башка суу биоресурстарын көбөйтүү жана өстүрүү иши.
2-глава. Суу коргоо зоналарында жана
тилкелеринде балык чарба иштерин жүргүзүү үчүн
жеңил конструкциядан жасалган убактылуу балык
өстүрүү объекттерин куруу менен (же куруусуз) балык
чарба суу объектеринде жайыт, рекреациялык жана
садоктук аквакультураларды түзүү үчүн БЧБНын
биринчи түрүн даярдоо жана түзүү боюнча иш-чаралар
6. Жайыттык, рекреациялык жана садоктук аквакультура
балык чарба суу объектилеринде (көлдөрдө, суу сактагычтарда), суу объектилеринин участкаларында, ошондой эле өткөн жылдарда түзүлгөн нуктуу, сай жана жайылма көлмөлөрдө жүргүзүлөт. Аквакультуранын бул аймактарында балык чарбаларын түзүү Суу кодексинин, ветеринария, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдардын нормаларына жана талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
7. Көпүрөлөрдүн, плотиналардын, ашуулардын жанында, суу каптоо коркунучу бар аймактарда, кеме тилкелеринде, автомобиль жана темир жол тилкелеринде, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын коргоо зоналарында, ичүүчү суу булактарынын санитардык-коргоо зоналарында балык чарбаларын жана садок курулуштарын түзүүгө тыюу салынат.
8. Жайыт, рекреациялык, садоктук аквакультураны жана балык уулоону уюштуруу үчүн сууну коргоочу зоналарда жана көлмөлөрдүн жээк коргоочу тилкелеринде жеңил конструкциядагы убактылуу балык өстүрүүчү объекттерди жайгаштырууга жол берилет. Мындай объекттерге инкубациялык цехтер, ванналар, оорулуу балыктарды ветеринардык-санитардык ченемдерге жана талаптарга ылайык иштетүү, кармоо жана изоляциялоо үчүн пластикалык бассейндер, ошондой эле тоюттарды, балык өстүрүүчү шаймандарды, сетематериалдарды, жабдууларды, чакан кемелерди жана башка мүлктөрдү сактоо үчүн объекттер кирет. Көрсөтүлгөн учурларда биринчи типтеги БЧБН иштелип чыгат.
9. Жайыт жана рекреациялык аквакультура үчүн биринчи типтеги БЧБНын түзүмү:
– суу объекти жөнүндө жалпы маалымат (суу объектинин түрү жана анын аталышы);
– суу объектисинин жайгашкан жери (облус, район, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы);
– аймактын физикалык-географиялык мүнөздөмөсү (климат, гидрография, абанын орточо температурасы, өсүмдүк менен капталышы);
– суу объектисинин морфометриялык маалыматтары (аянт, максималдуу тереңдик, орточо тереңдик, суу сактагычтын түбүнүн мүнөзү);
– суу сактагычтын гидрологиялык режими;
– суунун гидрофизикалык көрсөткүчтөрү (суунун температурасы, тунуктугу, түсү, өткөргүчтүгү);
– гидрохимиялык көрсөткүчтөр (рН, кычкылтектин курамы, БПК5, минералдашуу деңгээли, биогендик амин курамы);
– суу сактагычтын трофтук абалын баалоо (тоют базасынын биомассасы);
– суу сактагычтын ихтиофаунасынын мүнөздөмөсү (балык популяциясынын түрү, жашы жана сандык түзүмү, өсүү темпи, эпизоотия);
– жайыт аквакультурасын уюштурууга жана башкарууга анын ылайыктуулугу жана пландалган балык продуктуулугу (монокультура, поликультура) менен аквакультура объектисинин (жылуулукту сүйүүчү, суукту сүйүүчү комплекс түрлөрү, породалары, гибриддери) максатка ылайыктуулугу жөнүндө балык чарба корутундусу;
– балыктын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, балык илдеттерин алдын алуу, анын ичинде мелиоративдик иштерди жүргүзүү ж.б.
11. Суу сактагычтын түрү жана анын аталышы, анын ичинде эски жана жергиликтүү аталыштары, белгиленет.
12. Суу сактагыч жайгашкан аймактын физика-географиялык мүнөздөмөсү (климаты, топурагы, өсүмдүктөрү, балык өстүрүү зонасы) берилет. Пландаштырылган чарбанын балык өстүрүүчү зонасы Кыргыз Республикасындагы балык өстүрүү жана биологиялык ченемдерге ылайык аныкталат. Аймактын климаты, жай жана кыш мезгилиндеги абанын орточо температурасы, абанын жана суунун максималдуу жана минималдуу температурасы, жалпы аймак боюнча жаан-чачындын көлөмү жөнүндө маалымат чогултулат.
13. Суу сактагычтын жээгинин табияты (тик же жумшак, жылмакай же ийри) изилденет.
14. Суу объектисинин морфометриялык маалыматтары изилденет:
1) суу объектисинин иш жүзүндөгү аянтын, эң чоң узундугун жана туурасын, жээк сызыгынын узундугун аныктоо GPS навигатору, Google Earth атайын компьютердик программасы, Fields Area Measure PRO тиркемеси, ошондой эле суу объектисинин аянтын эсептеген заманбап электрондук тахеометрди колдонуу менен жүргүзүлөт.
2) максималдуу жана минималдуу тереңдик. Суткалык, он күндүк же сезондук жөнгө салынуучу суу сактагычтар үчүн суу объектисинин аянты максималдуу суунун эң жогрку деңгээлине жана суунун эң төмөн деңгээлинде аныкталат.
3) суу объектисинин гидрологиялык режими төмөндөгүлөрдү аныктоо менен изилденет:
– суу топтолуучу аяттын булагынын табияты: тоолуу же өрөөн дарыяларынын эсебинен, ошондой эле дарыяларды толуу түрү: кардын, мөңгүнүн жаан-чачындын, жер астындагы суулардын, же жер астындагы суулардын, жазгы ташкын сууларыдын эсебинен;
– булгоо булактарынын болушу;
– суу объектисинин тоңушу жана кыш мезгилинде муздун калыңдыгы (иликтөө ыкмасына жол берилет);
4) суу объектинен суу кайда агып жаткандыгы, суу объектинин агымын аныктоо:
– суу жакшы аккан суу объекти, мында дарыя суу объектисине кирет жана андан чыгат;
– суу аз аккан суу объекти, мында суу чыкканга караганда көбүрөөк кирет;
– туюк суу объекти, мында суу объектине дарыя кирет, бирок чыкпайт;
– суу агып кирбеген суу объекти, мында суу кирбейт жана чыкпайт, суу объекти аянты жамгыр, эриген кар же жер астындагы суулар менен түзүлөт.
14. Суунун гидрофизикалык көрсөткүчтөрү аныкталат (суунун температурасы, өткөрүмдүүлүгү, тунуктугу, түсү, жыты жана жыттын интенсивдүүлүгү):
1) суунун температурасы жана өткөрүмдүүлүгү суу анализаторунун жардамы менен жүзөгө ашырылат, суу объектинин бир нече жеринен: кире беришинен, чыга беришинен жана ортосунан аныкталат;
2) Тунуктук Секки дискинин жардамы менен аныкталат. Секки диски кара жана ак чек аралары көрүнбөй калганга чейин сууга түшүрүлөт жана эки чекит белгиленет: биринчиси — чек аралар бүдөмүктөнгөн чекит, экинчиси — түстөрдүн чек аралары кайрадан көрүнгөн чекит. Ушул эки маанинин орточо көрсөткүчү салыштырмалуу тунуктуктук көрсөткүчү болуп саналат жана метр менен өлчөнөт;
3) суунун түсү гуминдик заттардын, темирдин комплекстүү бирикмелеринин, түбүнүн түзүлүшүнүн жана суу өсүмдүктөрүнүн мүнөзүнүн болушуна менен шартталат. Түс визуалдык же тактык үчүн спектрофотометрдик ыкма менен аныкталат. Визуалдык ыкма атайын 10–12 см бийиктиктеги пробирканын жана ак кагаздын жардамы менен жүргүзүлөт. Пробирка 10–12 см бийиктикке чейин суу менен толтурулуп, үстүнөн ак кагаздын фонунда каралат. Түс төмөнкүдөй болушу мүмкүн: сарыраак, ачык сары, сары, сапсары, күрөңгүч, кызыл-күрөң, башка (түс көрсөтүлөт);
Спектрофотометрдик ыкма суу үлгүлөрүнүн оптикалык тыгыздыгын өлчөө негизинде жүргүзүлөт жана нанометр (нм) менен көрсөтүлөт. Карп өстүрүү үчүн эң ылайыктуу суу түсү толкун узундугу 550–580 нм болгон жашыл-сары же сары-жашыл түскө туура келет. Форель үчүн сары-жашылдан көгүш-жашылга чейинки суу түсү ылайыктуу, бул 515–565 нм толкун узундугуна туура келет.
Түстүн толкун узундугуна дал келүүсү
1-Таблица
Түстүн аталышы | Толкундун узундугу |
Сыя | 420 |
Көк | 460 |
Жашыл-көк | 490 |
Көк-жашыл | 515 |
Жашыл | 540 |
Сары-жашыл | 550 |
Жашыл-сары | 565 |
Сары | 580 |
Кызгылт-сары | 590 |
Сары-кызгылт | 610 |
Кызгылт | 620 |
Кызыл | 650 |
Кочкул | 680 |
Ак | - |
4) суунун жыты суу организмдеринин тиричилик процесс натыйжасында, аэробдук жана анаэробдук шарттарда органикалык заттардын биохимиялык чирүү, суу объектинин курамындагы компоненттердин химиялык өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында ага кирген учуучу жыттуу заттардан келип чыгат, ошондой эле химиялык, металлургиялык, нефтини кайра иштетүүчү, тамак-аш жана башка өнөр жай ишканаларынын агынды суулары менен жана сууну тазалоодо чыгат (2-таблица);
Жыттын түрлөрү
2-таблица
Кыскартуулар | Жыттын классификациясы | Масалдар же жыттын келип чыгышынын мүмкүн болуучу булактары
|
А | Атыр жыттуу же жыпар жыттуу
| Камфара, гвоздика, лаванда, лимон |
С | Химиялык | Өнөр жай саркынды суулар же химиялык тазалоо |
Cs | Сасык ( чирик жытттануу) | Сероводород |
Da | Чириген | Туруп калган агынды суулар |
G | Торфдук | Торф |
Cm | Дарылык | Фенол и йодоформ |
Со | Хлордук | Эркин хлор |
Df | Балык | Uroglenopis and Dinobryon |
E | Топурак | Нымдуу жер |
5) жыттын интенсивдүүлүгүн аныктоо. Бул үчүн 500 мл конус түрүндөгү колбага бөлмө температурасындагы (200°С) 250 мл суу куюлат. Колбаны тыгын менен жабылып, ичиндегисин бир нече жолу жакшылап чайкалат. Андан кийин колба ачылат, жыттын интенсивдүүлүгүн аныкталат (3-таблица).
Жыттын интенсивдүүлүгү
3-таблица
Жыттын жыттануу даражасы | Жытын мүнөздөмөсү | Жыттын интенсивдүүлүгүнүн баллдык баасы |
Байкаларлык жыт жок | Эч кандай жыт жок | 0 |
Жытты керектөөчүлөр байкабайт, адистер аныкташат | Абдан аз | 1 |
Эгер көңүл бурса, керектөөчүлөр байкаган жыт | Аз | 2 |
Оңой байкалган жыт; сууну ичүүгө жагымсыздыктын себеби болушу мүмкүн | Байкалат | 3 |
Жыты көңүлдү өзүнө буруп, ичүүдөн баш тарттыра алат. | Күчтүү | 4 |
Жыты ушунчалык күчтүү болгондуктан, сууну ичүүгө болбойт. | Абдан күчтүү | 5 |
15. Суу анализаторлорунун жардамы менен рН, эриген кычкылтектин курамы, БПК5 жана минералдашуунун деңгээли сыяктуу гидрохимиялык көрсөткүчтөр аныкталат.
16. Суу сактагычтын трофтук абалы Секки дискинин жардамы менен аныкталат.
1) Суу объектинин топурак түрү (шагыл, чым, кум, шорлуу, жогорку түшүмдүү) аныкталат. Зарыл болгон учурда топуракты текшерүү керек. Эң жөнөкөй экспресс-тест – бул бир ууч нымдуу топуракты алып, аны узун формага келтирип, анан аны шакекче кылып ийүүгө аракет кылуу. Чопо топурак жарылып кетпестен оңой ийленет. Кумдуу чопо жана чопо түрмөк ийленетт, бирок ийилбейт. Кумдуу топурак чачырап калат.
2) Суу өсүмдүктөрү каптаган суу объектинин пайызы, суу өсүмдүктөрүнүн түрдүк курамы жана/же жумшак (уруть, рдест, роголистник, жип сымал балырлар жана башка балырлар) жана катуу (камыш, тростник, рогоз) өсүмдүктөрдүн катышы аныкталат.
3) суунун гүлдөшүнүн (өңүнүн өзгөрүшү) болушу аныкталат. Суунун гүлдөшү (өңүнүн өзгөрүшү) жайында пайда болот, аны цианобактериялар же көк-жашыл балырлар, диатом менен балырлар пайда кылат, алар ууларды бөлүп чыгаруу менен балыктардын жана макрофиттердин массалык өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Суу жашыл, сары, кызыл же күрөң түстө болуп гүлдөшү (өңүнүн өзгөрүшү) мүмкүн. Хлорофилл биомассасы баалоо кеңири колдонулат: олиготрофтук суу объектилери үчүн концентрация болжол менен 1-10 мкг/л, ал эми эвтрофиялык суу объектилери үчүн 300 мкг/л.
17. Суу объектинин ихтиофаунасынын мүнөздөмөсү. Балыктардын түрлөрү жана табигый популяциялары изилденет.
18. Эпизоотиялык абалы, эгерде мындай маалыматтар болсо, аныкталат.
19. Садок аквакультурасы үчүн биринчи типтеги БЧБНынр түзүмү:
– балык чарбасынын түрүн аныктоо: жылуу суудагы (поликультурадагы карп балык түрлөрү) жана муздак суудагы (лосось жана сига балык түрлөрү), цикл боюнча (толук системалуу, семиртүүчү), жүгүртүлүшү боюнча (бир жылдык, эки жылдык, үч жылдык);
– сунушталган садок чарбасынын жайгашкан жери (облус, район, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы, климаты, абанын жана суунун орточо температурасы);
– суу объектин жана садок чарбасын жайгаштыруу үчүн аянттын кыскача мүнөздөмөсү, шамал багыттары, ландшафттын сүрөттөлүшү, биотоптун өзгөчөлүктөрү, суу сактагычтын булгануучу булактарынын болушу, башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге жакындыгы;
– суу сактагычтын алдын ала жүгүн эсептөөнү кошкондо, садокто өстүрүү үчүн суу объектинин участогунун гидрологиялык мүнөздөмөлөрү;
– өндүрүш процессинин технологиясы;
– суу булагынын гидрофизикалык көрсөткүчтөрү (суунун температурасы, тунуктугу, түсү, өткөрүмдүүлүгү);
– гидрохимиялык көрсөткүчтөр (рН, кычкылтектин курамы, БПК5, минералдашуунун деңгээли);
– жапайы ихтиофаунанын мүнөздөмөсү, эпизоотиялык кырдаал (эгерде маалымат бар болсо).
20. Суу объектинин, участкасынын мүнөздөмөсү.
1) Суу объектинин түбүнүн топурак түрү жана суу өсүмдүктөрүнүн өсүү пайызы бааланат.
2) Суу объектин гидрологиялык режиминин кыскача мүнөздөмөсү, суу объектине куюуучу дарыялардын мүнөздөмөлөрү, суу астындагы булактардын болушу берилет.
3) Эхозонатордун жардамы менен топурактын рельефи, тереңдиктин таралышы, суунун агымы, суунун деңгээлинин өзгөрүшү, муздун болушу жана капптаган муздун калыңдыгы изилденет. Ар кандай тереңдиктеги суунун агымынын ылдамдыгы, үстөмдүк кылган шамалдар, толкун кубулуштары, ошондой эле алардын баллы аныкталат.
Бофорт масштабындагы толкун кубулуштары:
0 балл – штиль. Күзгү дээрлик кыймылсыз. Шамалдын ылдамдыгы 0-0,2 км/саат;
1 балл – тынч. Суунун бетинде жеңил толкун. Толкундардын бийиктиги 0,1 мге чейин жетет. Жеңил, дээрлик сезилбеген жел.
2 балл – жеңил. Бийиктиги 0,3 метрден ашпаган майда толкундар. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1,6-3,3 метрге жетет, аны бетиң менен сезсе болот. Мындай шамалда флюгер кыймылдай баштайт.
3 балл – начар. Шамалдын ылдамдыгы – 3,4-5,4 м/с. Суу жеңил толкуйт, анда-санда ак толкундар пайда болот. Толкундун орточо бийиктиги 0,6 метрге чейин. Толкун даана көрүнүп турат. Флюгер тынымсыз айланып, дарак жалбырактары, желектер жана башка нерселер солкулдайт.
4 балл – орточо. Шамалдын ылдамдыгы 5,5-7,9 м/с. Чаң көтөрүлөт. Флюгер тынымсыз айланып, ичке дарак бутактары ийилет. Деңиз тынч эмес, көп жерлерде ак толкундар көрүнүп турат. Толкундун бийиктиги 1,5 метрге чейин жетет.
5 балл – жаңы. Дээрлик бүт деңиз ак толкун менен капталган. Шамалдын ылдамдыгы 8-10,7 м/с, толкундун бийиктиги 2 метрге жетет. Дарактын бутактары, ичке сөңгөктөрү солкулдайт.
6 балл – күчтүү. Деңиз көп жерин ак көбүк каптаган. Толкундун бийиктиги – 4 метр, орточо бийиктиги– 3 метр. Шамалдын ылдамдыгы секундасына – 10,8-13,8 метр. Ичке бак-дарактар, калың бутактар ийилип, телефон зымдары ызылдайт.
7 балл – катуу. Деңиз бетинен маал-маалы ак көбүк менен капталган, алар кээде шамалдан үзүлүп кеткен сыяктуу. Толкундун бийиктиги 5,5 метрге жетет, орточо бийиктиги – 4,7 метрге. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 13,9дан 17,1 метрге чейин жетет. Орточо дарактардын сөңгөгү солкулдап, бутактары ийилет.
8 балл – абдан күчтүү. Толкундар күчтүү, алар ак көбүк менен капталган. Толкундун бийиктиги 7,5 метрге, орточо 5,5 метрге жетет. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 17,2-20 метрге жетет. Шамалга каршы басуу кыйын, сүйлөшүү дээрлик мүмкүн эмес. Дарак ичке бутактарын сындырат.
9 баллов – бороон. 10 метрге жеткен бийик деңиз толкундары; орточо бийиктиги – 7 метр. Шамалдын ылдамдыгы – 20,8-24,4 м/с. Чоң дарактар ийип орточо бутактарын сындырат. Шамал начар, бекемделбеген чатырды жулуп кетет.
10 балл – катуу бороон. Деңиз ак түстө. Толкундар күркүрөп жээкке же ташка урулат. Толкундун максималдуу бийиктиги –12 метр, орточо бийиктиги – 9 метр. Ылдамдыгы 24,5 – 28,4 м/с жеткен шамалдар чатырларды учуруп, имараттарга олуттуу зыян келтирет.
11 балл – өтө катуу бороон. Бийик толкундардын бийиктиги 16 метрге, орточо бийиктиги 11,5 метрге жетет. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 28,5тен 32,6 метрге чейин жетет. Кургактагы кеңири кыйроолор менен коштолот.
12 балл – ураган. Шамалдын ылдамдыгы: 32,6 м/с. Капиталдык курулуштарга олуттуу зыян келтирилет Толкундун бийиктиги – 16 метрден жогору.
21. Суу объектин булгоочу булактардын болушу жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге чейинки аралык (ал ветеринардык-санитардык ченемдердин жана талаптардын чегинде болууга тийиш) аныкталат.
22. Суу объектинде жашаган балыктардын табигый популяцияларынын түр курамы, урук чачуу жерлеринин, кыштоо чуңкурларынын болушу, балыктардын урук чачуусу миграциялык жолдорунун болушу, суу сактагычтын эпизоотиялык абалы (сууда жашоочу балыктар мите массалык каптаган жерге садок фермасын жайгаштырууну пландаштырбоо керек, балык садок фермасынан качкан учурда жана жапайы балыктарды мителер жана башка оорулар басып албоо үчүн генетикалык булгануу предметине мителердин ортоңку ээлеринин болушу изилденет.
23. Балык чарба инфраструктурасын (жардамчы бөлмөлөр, чарбалык бөлмөлөр, тоют сактоочу жайлар ж.б.) жайгаштыруу үчүн жеткиликтүүлүктүн жеңилдиги жана аянттын болушу изилденет.
3-глава. Толук системалуу чарбаларды, балык
питомниктерин, товардык балыктарды жана балык
тукумун көбөйтүүчү материал өндүрүү үчүн семиртүүчү
көлмө-бассейн чарбаларын түзүү үчүн БЧБНын
экинчи түрүн даярдоо жана түзүү боюнча иш-чаралар
24. Толук системалуу балык чарбаларын, балык питомниктерин, балык өстүрүүчү заводдорду, семиртүүчү (товардык) көлмө-бассейн чарбаларын, анын ичинде айланма суу айланпасы системасындагы бассейндерди түзүү, долбоорлоо жана куруу – көлмөлөрдү, бассейндерди курууну, гидротехникалык курулмаларды, сууну кую жана сууну чыгаруу тоют системаларын, капиталдашкан имараттарды (инкубация- личинка цехтери, лабораториялар ж.б.) жана башка зарыл болгон балык чарба инфраструктурасын түзүүнү камтыйт.
25. Мындай чарбалар өз ишмердигин жабык түрдө жүргүзүүгө тийиш.
26. Балык чарбаларын аквакультуранын ушул багыттары боюнча түзүү – балык чарбалык-биологиялык нормаларга жана талаптарга, ошондой эле Суу кодексинин, ветеринария, айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана башка чөйрөлөрдөгү мыйзамдардын нормаларына жана талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
27. Төмөнкү көрсөтүлгөн балык чарбаларын түзүүгө тыюу салынат:
1) автомобиль жолдорунун, темир жолдордун жана жол жээктеринин тилкесинде;
2) Аэродромдордун мамлекеттик реестрине киргизилген ар кандай жарандык аэродромдун диспетчердик пунктунан 20 км радиуста;
3) жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын коргоо зоналарында (чыңалууга жараша – ар бир багытта 10дон 40 мге чейин);
4) ичүүчү суу булактарынын санитардык-коргоо зоналарында.
28. Жогоруда аталган балык чарбаларын уюштуруу үчүн БЧБНын экинчи түрү түзүлөт. БЧБНын экинчи түрүнүн структурасы:
– балык чарбасынын кубаттуулугун жана түрүн аныктоо: жылуу суу системасындагы (карп түрүндөгү балыктар поликультурада, осетр түрлөрү/гибриддери) жана муздак суу системасындагы (лосось жана сига түрүндөгү балыктар), циклдүүлүгү боюнча (толук системалуу, балык питомниги/балык өстүрүү заводу, товардык-семиртүү), жүгүртүмдүүлүгү боюнча (бир жылдык, эки жылдык, үч жылдык);
– жайгашуучу жерди тандоо (жердин рельефи, суунун булагы, топурактын түрү, башка чарбалардан бөлүп турган аралык), суу объектисин булганта турган булактардын бары-жогу;
– балык чарбасынын жайгашкан жери (облусу, району, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы);
– аймактын физика-географиялык мүнөздөмөсү (климаты, гидрографиялык өзгөчөлүктөрү, абанын орточо температура көрсөткүчтөрү);
– суу менен камсыздоо булагын тандоо жана анын гидрологиялык мүнөздөмөсү:
– суу агымы бети – азыктануусунун тиби (кар, жамгыр суусу, мөңгү суусу, аралаш), суунун орточо көп жылдык жана минималдуу чыгымы, сезондук өзгөрүү, кургакчылык жана сел жүрүү мүмкүнчүлүгү;
– жер астындагы суу – скважинанын дебити (л/сек, м³/мин), басымдуулугу (артезиандык/басымсыз);
– суунун булагынын гидрофизикалык көрсөткүчтөрү (суунун температурасы, тунуктугу, түсү, өткөрүмдүүлүгү);
– гидрохимиялык көрсөткүчтөр (рН, кычкылтектин курамы, БПК₅, минералдашуу деңгээли, кошумча газдардын болушу);
– суу агымынын жапайы ихтиофаунасынын мүнөздөмөсү (түр курамы, эпизоотиянын болушу жөнүндө маалымат, болсо, көрсөтүлөт).
29. Толук масштабдуу лосось фермаларын жана балык питомниктерин пландаштырууда жана уюштурууда биринчи кезекте суунун чыгымын эске алуу керек. Бул эсеп орточо же максималдуу көлөмү боюнча эмес, жагымсыз шарттарда талап кылынган суунун минималдуу көлөмүнө негизделиши керек. Ошонун негизинде объекттин кубаттуулугу аныкталат.
30. Ордун тандоо:
1) сунуш кылынган балык чарбасынын түрүнө, анын сыйымдуулугуна жана циклдүүлүгүнө жараша көлмөлөр жана бассейндер үчүн балык чарбасынын аянты аныкталат, жердин рельефинин формасы, бетинин жантайышынын пайызы, топурак түрү, көлмөлөрдү, бассейндерди жана башкаларды курууга жарактуулугу белгиленет.
2) топурактын түрүнө жараша. Эгерде топурактын курамы 100 % чопо болсо, анда ал плотина курууга жараксыз; эгерде 100 % кум болсо да, көлмө куруу үчүн жараксыз болуп саналат.
Топурак түрү
4-таблица
Топурак түрү | Фильтрация | Топурак түрү | Фильтрация |
Кум | 25-250 мм/күн | Женил куму көп чопо | 13-76 мм/ күн |
Кумдуу чопо | 8 – 20 мм/ күн | Женил куму аз чопо | 2.5 -15 мм/ күн |
Оор кумдуу чопо | 0.25 -5 мм/ күн | Чопо | 1.2 -10 мм/ күн |
3) Суу объектисин булгоочу булактардын болушу, башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге чейинки аралык (ал ветеринардык-санитардык ченемдердин жана талаптардын чегинде болууга тийиш, ошондой эле буфердик зоналардын болушу да сакталууга ийиш) аныкталат. Балык чарбалары жыш жайгашкан буфердик зоналарда жасалма саздарды жана суу агымынан жогору жагында жайгашкан чарбалык субъектилерден сууну тазалоо үчүн жана башка табигый жана жасалма системалар түзүү мүмкүн.
31. Суу менен камсыздоо булагын тандоо.
1) Тоо дарыялары. Дарыянын аталышы, булагы жана куйган жери, топтолуу түрү белгиленет, суунун жалпы агымы, анын куймалары, суу ташкындары жана төмөнкү деңгээли, нугунун мүнөзү (бурмалуу же түз), босогосу, жээктердин мүнөзү (тик, жыралуу), жогорку, орто жана төмөнкү агымдардын мүнөзү аныкталат.
2) Суу агымынын режими белгиленет: суунун деңгээли туруктуу болгон дарыя, кургап баратканы, тайыздап баратканы, суу ташкындоо мезгили жана суунун аз болушу, муздун узактыгы, суу объектисин булгоочу булактардын болушу.
3) Суунун агымы (заматта, орточо айлык, орточо жылдык, максимум жана минималдуу) аныкталат. Заматтагы агым өлчөгүчтүн жардамы менен же төмөндөгү формула боюнча аныкталат, мында узундукту (дальномер) өлчөгүчтүн жардамы менен дарыянын орточо туурасы, тереңдиги, санариптик гидрологиялык вертушканын жардамы менен дарыянын ылдамдыгы аныкталат.
4) Суунун чыгымы төмөнкү формула менен аныктоого мүмкүн:
Q = A x ϑ,
мында
Q – суу чыгымы, m3/с
A – суу агымынын кесилишинин аянты, м2
ϑ – орточо агымыдын ылдамдыгы, м/с.
5) 30 м ашпаган электр насостук жабдууларды пайдалануу менен жер астындагы сууларды алуу жана пайдалануу Суу кодексине ылайык суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген сууну пайдаланууга уруксаттын негизинде, 30 м ашык – лицензия боюнча жүргүзүлөт.
6) Суунун гидрофизикалык жана химиялык көрсөткүчтөрү аныкталат. Суунун сапаты.
1) Көлмөлөрдөгү суунун сапатынын эң маанилүү параметрлери болуп төмөнкүлөр саналат:
– орточо суунун температурасы, рН жана эриген кычкылтек.
2) Суунун оптималдуу параметрлери:
– температура – жылуу суудагы балыктар үчүн: +22°Сден +28°Сге чейин;
– температура – кубулжума форель балыгы үчүн: +12°Сден +18°Сге чейин;
– суутек көрсөткүчү – 6,5–8,5;
– эриген кычкылтектин курамы: форель үчүн: 7–9 мг/л жана андан жогору, карп үчүн: 6–8 мг/л.
3) Балык чарбалык суу объектилери үчүн жол берилген максималдуу концентрациялар (ЧЖК) (“Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежелери”):
– БПК5 – 200С температурада 3 мг/л;
– сульфаттар – 100 мг/л;
– фосфаттар – 0,05 мг/л – олиготрофтуктар үчүн; 0,15 мг/ – мезотрофтуктар үчүн; 0,2 мг/л – эвтрофтуктар суу объектилери үчүн;
– аммоний азоту – 0,4 мг/л;
– нитрит азоту – 0,02 мг/л;
– нитраты азоту – 9,0 мг/л;
– хлориддер – 300 мг/л.
Маалымат үчүн: форель жана карп чарбалары үчүн суунун сапатына көбүрөөк талаптар бекитилген балык өстүрүү жана биологиялык стандарттарда жана талаптарда камтылган.
32. Дарыянын жапайы ихтиофаунасынын мүнөздөмөсү. Дарыядагы балыктардын түр курамы жана эпизоотиялык абал изилденет.
4-глава. Балык чарба-биологиялык негиздемени түзүү
33. Бардык керектүү параметрлерди изилдегенден кийин, маалыматтарды талдоо жүргүзүлөт. Мында балык чарба чөйрөсүндөгү колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды, Суу кодексин, ветеринардык-санитардык жана балык чарба-биологиялык ченемдерди жана талаптарды, айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу, жол куруу ж.б.у.с. чөйрөдөгү укуктук ченемдик актыларды жетекчиликке алуу зарыл.
34. Жүргүзүлгөн талдоонун натыйжасы болуп балык чарба-биологиялык негиздемени түзүү саналат.
35. Балык чарба-биологиялык негиздемени түзүүнүн негизги пункту болуп суу объектисинин товардык аквакультураны уюштурууга жана жүргүзүүгө, балык тукумун көбөйтүүчү материалдарын өндүрүүгө жарактуулугун баалоо жана аквакультура объектисинин (түрлөр, породалар, жылуулукту сүйүүчү, суукту сүйүүчү же тропикалык комплекстин гибриддери) максатка ылайыктуулугун негиздеген сунуш саналат.
36. Көлдөрдө жана суу сактагычтарда жайыт аквакультурасын уюштуруу үчүн балык чарба-биологиялык негиздемесинде вегетациялык мезгилде суу сактагычтардагы суунун бошоп кетүү коркунучун эске алуу менен суу объектисинин тоют базасынын деңгээлине жараша зарыл эсептөөлөр камтылууга тийиш. Пландалган балык өндүрүү түзүлүшү (монокультура же поликультура) керек. Суу объектисинин балык өндүрүмдүүлүгүн көбөйтүү, балык ооруларын алдын алуу, анын ичинде мелиоративдик иштерди жүргүзүү, балык чарба-биологиялык, ветеринардык, санитардык жана экологиялык ченемдерди жана талаптарды сактоо боюнча сунуштарды түзүү зарыл.
37. Көлмөлүк-бассейндик товардык аквакультураны уюштуруу жана жүргүзүү үчүн балык чарба-биологиялык негиздемеде жер тилкеси менен суу объектисинин жогоруда көрсөтүлгөн Суу кодексинин ченемдери жана талаптары, аквакультура, ветеринария, айлана-чөйрөнү коргоо жана башка чөйрөлөрдөгү ченемдик укуктук базаны эске алуу менен, тандоо максаттуулугунун талдоосу камтылышы керек.
Сунушталган аквакультура объектисине, суу чыгымына, суунун физика-химиялык параметрлерине жараша балык чарбасынын кубаттуулугун, суу чыгымы орточо же максималдуу эмес, суунун (кургакчылык мезгилин эске алуу менен) минималдуу көлөмүнө карап, эсептеп чыгуу керек; көлмөлөрдүн/бассейндердин жайгашуу схемасын ветеринардык жана балык чарбалык-биологиялык ченемдерге жана талаптарга, ошондой эле пландоонун ветеринардык талаптарына жана буфердик зоналарга ылайык түзүү.
Ар бир көлмө/бассейн үчүн өзүнчө изоляцияланган суу берүү жана суу чыгаруу схемасын түзүү, ооруларды алдын алуу эске алуу менен отургузуу тыгыздыктарын эсептеп чыгуу зарыл.
Ветеринардык-санитардык жана балык чарба-биологиялык ченемдерге жана талаптарга, ошондой эле пландоо жана буфердик зоналар боюнча ветеринардык талаптарга ылайык товардык балыктарды өстүрүүнүн негизги биотехникасына негизги талаптарды жана сунуштарды түзүү.
Тоолуу аймактарда форель чарбалары үчүн балык чарбаларын түзүүнү пландоодо паводоктордун болушун эске алынуу.
Ветеринардык-санитардык жана экологиялык ченемдердин балык чарбасынан чыккан суу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү сууларын коргоо эрежелери» боюнча белгиленген максималдуу уруксат берилген концентрацияларга жооп бериши негизги талап экендигин белгилей кетүү керек.
38. Садоктук аквакультураны уюштуруу жана жүргүзүү үчүн балык чарба-биологиялык негиздемеде суу участогун тандоонун максатка ылайыктуулугу чагылдырылууга тийиш. Сунушталган аквакультура объектилерине, суунун физика-химиялык параметрлерине жана суу объектисинин агымынын ылдамдыгына жараша садокко жүктөм ченемин сунуштоо зарыл.
Карантиндик жана изолятордук бассейндерди жана башка инфраструктуралык объектилерди суу коргоо зонасына жана тилкеге жайгаштырууда бул объекттерден суу кайра суу обектисине агып кетпеши керек экендиги фактысын чагылдыруу зарыл.
39. Ветеринардык-санитардык жана балык чарба-биологиялык ченемдерди жана талаптарды, ошондой эле пландоо жана буфердик зоналар боюнча ветеринардык талаптарды эске алуу менен товардык балыктарды өстүрүүнүн биотехнологиясы боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, суунун гүлдөшүнөн, балыктардын садоктон качуусунан жана башка форс-мажордук жагдайлардан келип чыккан мүмкүн болуучу тобокелдиктерди чагылдыруу зарыл.
40. Толук системалык балык чарбасын же балык питомнигин уюштуруу үчүн балык чарба-биологиялык негиздемеде инкубациялык-личинка цехин/балык питомнигин, балык көлмөлөрүн/бассейиндерин, административдик корпустарды жана башка объектилерди куруу үчүн жер участогун жана суу объектисин тандоонун максатка ылайыктуулугуна талдоо жүргүзүү зарыл.
41. Балык чарбасынын кубаттуулугун эсептөө жагымсыз шарттарда орточо же максимум боюнча эмес, суунун минималдуу көлөмүнө жараша жүргүзүлүшү. Жер астындагы суулар, жолдор сыяктуу кошумча суу булактары бар жерлерде рыноктун керектөөлөрүн жана өнүгүүсүн, рентабелдүүлүктү, баа саясатын жана башка көптөгөн экономикалык көрсөткүчтөрдү талдоо менен толук системалуу чарбаны же балык питомнигин түзүүнү пландаштыруу зарыл.
42. Башкы көлмөнү, инкубациялык-личинка цехин, өстүрүүчү көлмөлөрдү (бассейндерди), карантиндик көлмөлөрдү (бассейндерди) жана башка объекттерди рационалдуу жайгаштырууну караган жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерге жана талаптарга ылайык толук системалуу балык өстүрүү чарбасын пландаштыруунун схемасын иштеп чыгуу зарыл. Ар бир көлмө жана бассейн үчүн суунун кириши жана суунун чыгуусу изоляцияланган система болушу керек. Схема ошондой эле лабораторияны, жабдууларды жана шаймандарды сактоо жана иштетүү үчүн көмөкчү жайларды, ошондой эле объекттердин ортосундагы белгиленген ветеринардык-санитардык аралыкты сактоо менен муздаткыч орнотмолор менен жабдылган тоюттарды сактоо үчүн жайларды жайгаштырууну камтууга тийиш.