Редакцияот 26.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

XXVIII чакырылыштын 5 (кезектүү) сессиясы

 

2021-жылдын 26 ноябры № 24

Демилгелүү топ жана долбоорду ишке ашыруу үчүн БМжБ тобун түзүү жөнүндө

Гавриловка айыл өкмөтүнүн жетекөөтүчү адис А.А.Конокалиевдин Чүй облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсеби аркылуу “Жангарач айылындагы спорт комплексин куруу” долбоорун каржылоону ишке ашыруу үчүн демилгөөчү топ жана БМжБ тобун (биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу) түзүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсеби аркылуу “Жангарач айылындагы спорт комплексин куруу” долбоорун ишке ашыруу үчүн демилгөөчү топ түзүлсүн:

Демилгөөчү топтун Лидери:

·         А.Э Алымбаев;

Демилгөөчү топтун мүчөлөрү:

·         Т П.О. Батаева,

·         Р.С. Курманбаев,

·         Э.А Темиралиева,

·         С.А Момункулова,

 

2. Чүй облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсеби аркылуу “Жангарач айылындагы спорт комплексин куруу” долбоорун ишке ашыруу үчүн БМжБ тобу (биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу) түзүлсүн

·         А.Э Алымбаев,

·         П.О Батаева

·         Н.У.Асанов

·         А.А.Автандилов

·         А.А. Конокалиев

 

3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.Т.Ибраимов