ТоктомКүчүндө

Таш-Мойнок айылдык кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 98 «Жерди которууга (трансформация) уруксат берүү тууралуу» токтому

Редакция18.12.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ТАШ-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Мойнок айылдык кеңешинин 29 чакырылышынын кезектеги отуруму

 

 

2025-жылдын 18-декабры № 98

 

Жерди которууга (трансформация) уруксат берүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айылдык кеңештин агрардык комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун талкууга алып,Таш-Мойнок айылдык кеңеши токтом кылат

1. Таш-Мойнок айыл аймагында № 121, 125 контурунда жайгашкан жалпы аянты 29,0 га жер тилкесинин “Өнөр жай жерлери, транспорт, коммуникациялар, энергетика, коргоо жана башка багытындагы» категориясынан “Калктуу конуш жерлери” категориясына көп кабаттуу турак үйлөрүнө которууга макулдук берилсин.

2.Таш-Мойнок айыл аймагында № 121, 125 контурунда жайгашкан жалпы аянты 29,0 га жер тилкесинин “Өнөр жай жерлери, транспорт, коммуникациялар, энергетика, коргоо жана башка багытындагы» категориясынан “Калктуу конуш жерлери” категориясына көп кабаттуу турак үйлөрүнө которууга Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына өтүнүч берилсин.

3.Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына мыйзам чегинде өтүнүч берсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Сагындык уулу К.