Загрузка документа…
БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Беш-Таш айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы
2025-жылдын 20-ноябры № 53
«Керимбек Ата» муниципалдык коммуналдык чарбасынын ишин токтотуу жөнүндө
(Административдик-территориялык реформанын алкагында) Кыргыз Республикасынын Административдик-территориялык реформасын ишке ашыруу боюнча 2023–2025-жылдарга карата чараларды аткаруу максатында, ошондой эле коммуналдык кызмат көрсөтүүнү оптималдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын кайра кароо зарылдыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык, Беш-Таш айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беш-Таш айыл аймагында иш жүргүзүп келген «Керимбек Ата» муниципалдык коммуналдык чарбасынын ишмердүүлүгү толук токтотулуусуна жана юридикалык жак катары жоюга макулдук берилсин.
2. Муниципалдык коммуналдык чарбанын бардык мүлкү, материалдык-техникалык каражаттары, бухгалтердик жана архивдик документтери инвентаризациялоосу жана жоюуу иштерин алып баруу жагы Беш-Таш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| Сатыбек уулу Максат |