Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 26 ноябры № 23
Гавриловка айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.И.Тюлемишованын Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мызамынын 38 беренесине ылайык “Гавриловка айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айылдык кеңешинин Регламентине төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:
· Айылдык кеңештин катчысынын иш-милдетин айылдык кеңешинин жооптуу катчысы аткарат. Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын кызмат орду бош болгон же убактылуу жок болгон учурда айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аныкталган айыл өкмөтүнүн кызматкери айылдык кеңештин катчысынын иш-милдетин аткарат.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |