Загрузка документа…
ТАШ-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 18-декабры № 101
Бала бакчаларда тамак-ашкатөлөмдүн өлчөмүн бекитүү
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34 бер. ылайык, кеңештин кароосуна берилген кайрылууну карап, талкууга алып, отурумдун протоколунун негизинде, Таш-Мойнок айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.2026-жылдын 12-январынан баштап Таш-Мойнок айыл аймагында жайгашкан “Акбермет”, “Бекбол” жана “Жаңы кадам” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучу балдарынын күнүмдүк тамак-ашына ата-энелик төлөм бир күнүнө 100 (жүз) сомдон бекитилсин.
2. Таш-Мойнок айылдык кеңешинин 2021-жылдын 6-сентябрындагы № 25 “Бала бакчалардагы тамак-аш төлөмүн бекитүү туралуу” токтому жокко чыгарылсын.
3. Тамак-ашка болгон төлөм ар бир айдын 10-чу күнүнөн кечиктирилбей жүргүзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Сагындык уулу К. |