Загрузка документа…
ТАШ-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-январы № 108
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражат бөлүү туралуу
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34 бер.лайык, кеңештин кароосунда берилген кайрылууну карап, талкууга алып, отурумдун протоколунун негизинде, Таш-Мойнок айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Бекбол» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тегерек четин көрктөндүрүү»» долбоорунун берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн бюджетинен биргелешип төлөм жүргүзүү үчүн 384 987 (үч жүз сексен төрт миң тогуз жүз сексен жети) сом бөлүнүп берилсин.
2.«Бекбол» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тегерек четин көрктөндүрүү»» долбоору боюнча өтүнүч бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү өзүмө калтырам.
Төрөга |
| Сагындык уулу К. |