Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-сентябры № 1
Салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү тартибин
жөнгө салуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 “Үй-бүлөлүк майрамдарды жана аза салттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, депутаттардын Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 33-чакырылышынын 10-кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагындагы бардык салтанаттуу иш-чаралардын аякташы ресторандардын, банкет залдардын, жайкы кафелердин жана ушул сыяктуу коомдук тамактануу жана көнүл ачуу жайлардын иштери саат 22:00 дөн кечиктирбестен токтотулсун.
2. Акназаров айыл аймагындагы бардык салтанаттуу иш-чаралардын аякташы ресторандардын, банкет залдардын, жайкы кафелердин жана ушул сыяктуу коомдук тамактануу жана көнүл ачуу жайлардын иштери саат 22:00 дө токтотулгандыгы боюнча калк арасында кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 “Үй-бүлөлүк майрамдарды жана аза салттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө” Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” мыйзамы аткарууга алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Коккозов |