Редакцияот 03.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

XXVIII-чакырылыштын 3-кезектүү сессиясы

2021-жылдын 3-сентябры № 10

 

АЖМФнун жерлерин пайдалануу боюнча Перспективдик планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Гавриловка айыл өкмөтүнүн 2018-жылы кабыл алынган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу боюнча Перспективдик планын карап чыгып, Гавриловка айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу боюнча Перспективдик планына аукцион өткөрүү жана ижарага берүү келишимдерге ылайык аукционго койулган айдоо жерлердин көлөмү боюнча бөлүктөргө өзгөртүүлөр киргизилсин

 

2. Ушул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөт башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.Т.Ибраимов