Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 6-февралы № 3/4
“Коңурат айылындагы жер аянтынын максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө”
Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты Т.Кырбашевдин 2024-жылдын 20-декабрындагы билдирүүсүнүн жана Кара-Суу шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-январындагы отурумунун №1 протоколдук чечимин карап чыгып жана талкуулап шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарынын Коңурат айылынын 245-156-контурундагы калктуу конуштун жерлери категориясындагы 14,53 га жер аянтынын ичинен 0,18 га жер аянтынын максаттык багытын социалдык обьектин жерине (спорттук аянтча) өзгөртүүгө макулдук берилсин:
2. Тиешелүү мекемелер менен иш кагаздарын тактоо жүргүзүү жана токтомду мыйзам чегинде аткаруу шаар мэриясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |