ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
I чакырылыштагы XII кезектеги ачык сессиясы
2026-жылдын 19 январындагы № 72
2026-жылга карата Төрт-Гүл айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Кеңештин бюджет, финансы, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт, тышкы экономикалык байланыштар жана ишкердик боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 15-январындагы “Төрт-Гүл айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2026-жылга карата программасын бекитүү жөнүндө” корутундусун угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин Төрт-Гүл айылдык аймагы токтом кылат:
1. 2026-жылга карата Төр-Гүл айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Төрт-Гүл айыл өкмөтү 2026-жылга карата Төрт-Гүл айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашырууну камсыз кылсын.
- 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча программанын ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу Төрт-Гүл айыл кеңешине отчет берсин.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Төрт-Гүл айылдык кеңешинин бюджет, финансы, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт, тышкы экономикалык байланыштар жана ишкердик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж.К. Маматкеримов |