Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-марты № 170
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2012-жылдын 22-августундагы № 576 «Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Чакан жана орто ишкердикти колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 387 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга багытталган реформаларды андан ары ишке ашыруу жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 «Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринде:
– төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:
«9¹. Ушул Эрежелердин 4-главасында көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактарга электр орнотмолорун пайдаланууга берүү тартиби электр энергиясын өндүрүүнү, берүүнү, бөлүштүрүүнү жана керектөөнү контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана лицензия алуучуга жайылтылат.
Жеке жана юридикалык жактарга 1000 В жана андан жогору чыңалуу классындагы электр орнотмолорун пайдаланууга берүүнү электр энергиясын өндүрүүнү, берүүнү, бөлүштүрүүнү жана керектөөнү контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүзөгө ашырат.
Жеке жана юридикалык жактарга 1000 В чейинки чыңалуу классындагы электр орнотмолорун пайдаланууга берүүнү лицензия алуучу жүзөгө ашырат.»;
– 23-пункт «ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына» деген сөздөрдөн кийин «(1000 В жана андан жогору электр орнотмолору үчүн) же лицензия алуучуга (1000 В чейинки электр орнотмолору үчүн)» деген сөздөр менен толукталсын;
– 24-пункт «ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы» деген сөздөрдөн кийин «(1000 В жана андан жогору электр орнотмолору үчүн) же лицензия алуучу (1000 В чейинки электр орнотмолору үчүн)» деген сөздөр менен толукталсын;
– 25-пункт «ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы» деген сөздөрдөн кийин «(1000 В жана андан жогору электр орнотмолору үчүн) же лицензия алуучу (1000 В чейинки электр орнотмолору үчүн)» деген сөздөр менен толукталсын;
– 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«26. Кабель чубалгысын куруу процессинде заказчы электр энергиясын өндүрүүнү, берүүнү, бөлүштүрүүнү жана керектөөнү контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына (1000 В жана андан жогору электр орнотмолору үчүн) же лицензия алуучуга (1000 В чейинки электр орнотмолору үчүн) кабелди төшөөгө уруксат берүүчү документтерди көрсөтүүгө жана төмөнкүлөргө уруксат алууга тийиш:
1) төшөө үчүн траншеяны кабыл алууга;
2) өткөрүлгөн кабелди көмөрдүн алдында кабыл алууга.»;
– 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«30. Керектөөчүнүн убактылуу мүнөздө иштеген электр орнотмолору алар өчүрүлгөндөн кийин кошуу наряды боюнча ишке киргизилет. Керектөөчү электр энергиясын өндүрүүнү, берүүнү, бөлүштүрүүнү жана керектөөнү контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына (1000 В жана андан жогору электр орнотмолору үчүн) же лицензия алуучуга (1000 В чейинки электр орнотмолору үчүн) текшерүүлөрдүн, өлчөөлөрдүн протоколдордун жана кароо үчүн электр орнотмосун көрсөтөт.»;
– 32-пункт «ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы» деген сөздөрдөн кийин «жана лицензия алуучу» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-мартындагы № 20 (3780) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |