Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-мартындагы № 75
Төрт-Гүл айыл аймагындагы жалпы билим берүү мекемелерин кайра атоо жөнүндө
Кыргыз Республикаcынын Конституциясынын, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле жалпы билим берүү мекемелеринин аталыштарын ирэтке келтирүү, тарыхый жана маданий эстутумду сактоо, жаштардын патриоттук тарбиясын жогорулатуу максатында жана 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 244 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссия жөнүндө Жобого, ошондой эле 2026-жылдын 26-февралындагы Төрт-Гүл айыл аймагындагы жалпы билим берүү мекемелерин кайра атоо тартибин бекитүү жөнүндө туруктуу комиссиянын протоколуна ылайык , Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Петровка айылынынын Советкий 253-В дарегинде жайгашкан, “Петровка орто мектеби”, Намат Аширалиев атындагы орто мектеп болуп өзгөртүлсүн.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына төмөнкүлөр сунушталсын:
o уюштуруучулук жана каттоо документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү;
o ушул токтомго ылайык мекеменин аталышын орнотууну жана тиешелүү документтерди шайкеш келтирүүнү камсыз кылуу.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, калк арасында коомдук тартипти камсыз кылуу, жарандардын арыз-даттанууларын кароо, жаштар иштери, социалдык маселелер, билим берүү, маданият жана спорт боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ж.К. Маматкеримов |