Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 6-марты № 105
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маселелери жөнүндө
Мамлекеттик чек ара саясатынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун уюштуруучулук жана укуктук негиздерин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчыларына (мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларынан тышкары) пенсия дайындоо жана кызмат өтөгөн жылдары үчүн пайыздык үстөк эсептөө үчүн төмөнкүлөр белгиленсин:
1) кызмат өтөөнүн бир айы бир жарым айга эсептелет;
2) деңиз деңгээлинен 1800 метрден жогору бийиктикте жайгашкан аскер бөлүктөрүндө жана бөлүкчөлөрдө, ошондой эле Баткен облусунда туруктуу жайгашкан аскер бөлүктөрүндө, мекемелерде жана бөлүкчөлөрдө кызмат өтөгөндөргө кызмат өтөөнүн бир айы эки айга эсептелет.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын ыкчам-тактикалык жана стратегиялык учкучсуз учуучу аппараттарын колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин өзүнчө чечими менен аныкталат деп белгиленсин.
4. Бул Жарлыкты ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн тиешелүү жылга бюджетте каралган каражаттардын жана штаттык сандын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эки айлык мөөнөттө тийиштүү штаттарды, документтерди, имараттарды, курулмаларды, материалдык-техникалык каражаттарды жана башка мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте жүргүзсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) эки айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди белгиленген тартипте чечсин;
2) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул Жарлык 2026-жылдын 10-февралынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын башкаруу схемасы