Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 26-февралы № 230-VIII
“2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы “Транскаспий эл аралык транспорт каттамы менен байланышты жакшыртуу үчүн Бишкек-Ош автожолундагы Нарын дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо (куруу)” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы “Транскаспий эл аралык транспорт каттамы менен байланышты жакшыртуу үчүн Бишкек-Ош автожолундагы Нарын дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо (куруу)” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген “2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы “Транскаспий эл аралык транспорт каттамы менен байланышты жакшыртуу үчүн Бишкек-Ош автожолундагы Нарын дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо (куруу)” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы “Транскаспий эл аралык транспорт каттамы менен байланышты жакшыртуу үчүн Бишкек-Ош автожолундагы Нарын дарыясындагы көпүрөнү реконструкциялоо (куруу)” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (2026-жылдын 23-февралындагы чыг. № 18-1813) экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| Ж.Таалайбек кызы |