Редакцияот 26.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 26-февралы № 238-VIII

 

“2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы “Кыргыз Республикасында электр тармагын пайдалануу жана тейлөө боюнча окуу борборунун дараметин чыңдоо” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы “Кыргыз Республикасында электр тармагын пайдалануу жана тейлөө боюнча окуу борборунун дараметин чыңдоо” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген “2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы “Кыргыз Республикасында электр тармагын пайдалануу жана тейлөө боюнча окуу борборунун дараметин чыңдоо” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы “Кыргыз Республикасында электр тармагын пайдалануу жана тейлөө боюнча окуу борборунун дараметин чыңдоо” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (2026-жылдын 23-февралындагы чыг. № 18-1830) кабыл алынсын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төраганын орун басары

 

Ж.Таалайбек кызы