Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-майы № 47/5-29
Юридикалык кызматтар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясына:
- Орловка шаарынын аймагындагы Чкалова көчөсү №61, Металлург к/р №8 авариялык абалдагы көп кабаттуу үйлөр боюнча маселени чечүү үчүн юридикалык кызматтар алынсын.
- юридикалык кызматтарды төлөө үчүн жергиликтүү бюджетте 100 000 (бир жүз миң) сом каралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |