Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-майы № 46/5-29
Подгорное айылындагы сугат суунун тарифин белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, “Орловка суу каналы” муниципалдык ишкананын директору Т.А.Тентиевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын Подгорное айылында сугат суунун тарифи бир саатына 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |