Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-мартындагы № 105 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы (мындан ары - Мамлекеттик чек ара кызматы) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын (мындан ары - Мамлекеттик чек ара) кайтарууну, чек аралык контролдоону, Мамлекеттик чек ара режимин, чек ара режимин жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуулардын, өлкөнүн эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө кол салуулардын алдын алууну жана бөгөт коюуну ишке ашыруучу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара саясатын камсыз кылуучу аткаруу бийлигинин бирдиктүү мамлекеттик органы болуп саналат, ошондой эле өзүнүн компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылуу системасына тартылат жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирет.
2. Мамлекеттик чек ара кызматы өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик чек ара кызматы юридикалык жактын статусуна ээ, өзүнүн символикасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган мөөрү, өзүнүн ишин жүзөгө ашыруу үчүн башка атрибуттары бар.
Мамлекеттик чек ара кызматы жарандык-укуктук мамилелерге өз атынан кирет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга укуктуу.
Аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы";
- расмий тилде: "Государственная пограничная служба Кыргызской Республики".
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Медеров көч., 163.
Уюштуруу-укуктук формасы - мекеме.
4. Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын укук улантуучусу болуп саналат.
Облустар боюнча башкармалыктар, чек аралык контролдоо аймактык башкармалыктары, Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер бөлүктөрү, мекемелери жана окуу жайлары (мындан ары - ведомстволук бөлүкчөлөр) юридикалык жактын укуктарына ээ.
2-глава. Мамлекеттик чек ара кызматынын милдеттери
5. Мамлекеттик чек ара кызматына төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:
1) Мамлекеттик чек араны, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасында аймактык бүтүндүктү жана экономикалык кызыкчылыктарды коргоо;
2) Мамлекеттик чек араны жабдуу;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарында чек аралык контролдоону жүзөгө ашыруу;
4) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу жана Мамлекеттик чек ара режиминин маселелери боюнча эл аралык келишимдерден келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу;
5) Мамлекеттик чек арада Кыргыз Республикасын коргоо жана коопсуздук маселелерин чечүүгө катышуу;
6) ири масштабдагы өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышуу жана чек аралык аймакта жана чек ара тилкесинде калкка жардам көрсөтүү;
7) Мамлекеттик чек араны кайтаруу тапшырмаларын аткаруу учурунда чалгындоо жана контрчалгындоо ишин уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
8) жарандардын, чет өлкөлүк адамдардын жана жарандыгы жок адамдардын, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү аракеттерин, ошондой эле Мамлекеттик чек ара аркылуу тыюу салынган буюмдарды жана заттарды, анын ичинде массалык кыргын салуучу куралды, аны менен байланышкан материалдарды жана технологияларды мыйзамсыз өткөрүүнүн алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү;
9) терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар менен өз ара аракетте (биргелешип) Мамлекеттик чек арада, чек ара тилкесинде жана чек аралык аймакта террористтерди же террористтик топторду табуу, кармоо жана жок кылуу боюнча чараларды көрүү, анын ичинде сурамжылоо, фильтрациялык жана профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү аркылуу;
10) чек аралык аймакта жана чек ара тилкесинде жарандарды, жаратылыш байлыктарын жана айлана-чөйрөнү коргоодо Кыргыз Республикасынын укук коргоо, жаратылышты коргоо органдарына көмөк көрсөтүү.
3-глава. Мамлекеттик чек ара кызматынын функциялары
6. Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Мамлекеттик чек ара кызматы төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) Мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыз кылуу жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарында чек аралык контролдоону жүзөгө ашыруу;
2) мамлекеттик чек ара саясатын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
3) Мамлекеттик чек араны кайтаруу концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу;
4) Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча Кыргыз Республикасынын пландарынын жана мамлекеттик программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу, ошондой эле алардын ишке ашырылышын камсыз кылуу;
5) Мамлекеттик чек ара кызматында санариптик маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүүнүн жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
6) кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте Мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди аткарууну уюштуруу, ошондой эле Мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелери боюнча чет мамлекеттердин чек араны кайтаруу органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну уюштуруу;
7) кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте Мамлекеттик чек араны эл аралык укуктук тариздөө маселелери жана чек ара маселелери боюнча эл аралык сүйлөшүүлөргө жана эл аралык келишимдерди иштеп чыгууга, ошондой эле аскердик-техникалык кызматташуу программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
8) Мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелери боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын чет мамлекеттердин чек араны кайтаруу органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну уюштуруу;
9) Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрүнүн ишин уюштуруу;
10) Мамлекеттик чек аранын өтүүсүн мыйзамсыз өзгөртүүнүн алдын алуу, бөгөт коюу, Мамлекеттик чек ара режимин кармоо, чек ара режимин жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарындагы режимди сактоо боюнча чараларды иштеп чыгуу, алардын жүзөгө ашырылышын контролдоо;
11) ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү жолу менен компетенттүү органдар менен өз ара аракетте чек ара мейкиндигинде террористтик иштин алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасына кирүүгө же Кыргыз Республикасынан чыгууга чектөө коюлган адамдарга карата, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга чектөө коюлган транспорт каражаттарына карата Кыргыз Республикасынын кызыкдар органдарынын тапшырмаларын аткаруу;
13) Мамлекеттик чек араны кайтаруу кызыкчылыктарында, ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматына шефтик жана башка жардам көрсөтүү максатында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
14) Мамлекеттик чек ара кызматын байланыштын бардык түрлөрү менен камсыз кылууну уюштуруу;
15) мамлекеттик сырларды коргоону, жашырындуулук режимин, маалыматтык жана киберкоопсуздукту, чет өлкөлүк чалгындоолордун техникалык каражаттарын коргоону, каршы аракеттенүүнү, жашыруун иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурууну камсыз кылуу;
16) шифрленген жана коддолгон байланышты камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, Мамлекеттик чек ара кызматынын шифрленген органына жана анын коопсуздугунун талаптарына ылайык маалыматты коргоо системасына жетекчилик кылуу;
17) Мамлекеттик чек ара кызматынын ишин маалыматтык-аналитикалык жана илимий жактан камсыз кылууну уюштуруу, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү, бул маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине маалыматтык-аналитикалык материалдарды даярдоо жана берүү;
18) Мамлекеттик чек ара кызматы үчүн кадрларды жана адистерди тандоо, даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүү;
19) күжүрмөн, ооруктук, техникалык, материалдык, финансылык жана башка камсыздоо түрлөрүн уюштуруу;
20) Мамлекеттик чек ара кызматында курал-жаракты, техниканы жана материалдык-техникалык каражаттарды эксплуатациялоону жана пайдаланууну пландаштыруу жана уюштуруу, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алуу;
21) баш ийген ведомстволук бөлүкчөлөрдө ички контролду камсыз кылуу үчүн ички аудит боюнча ишти жүзөгө ашыруу;
22) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен биргеликте кылмыштарды жана укук бузууларды аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу жана териштирүү боюнча ишти, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Мамлекеттик чек ара кызматынын компетенциясына киргизилген иштер боюнча өндүрүштү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
23) Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчыларын, жарандык персоналын, пенсионерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, курман болгон (каза болгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык жана укуктук жактан коргоону уюштуруу жана камсыз кылуу;
24) илимий, окуу материалдык-техникалык базаны өркүндөтүү;
25) Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчыларынын, жарандык персоналынын, пенсионерлеринин, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун коргоого жана чыңдоого багытталган алдын алуучу, дарылоочу, санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана реабилитациялык иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу;
26) Мамлекеттик чек ара кызматынын өздүк коопсуздугун камсыз кылуу;
27) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттарында радиациялык контролдоону жүзөгө ашыруу;
28) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрүү;
29) Мамлекеттик чек ара кызматында коррупцияга каршы иш-чараларды өткөрүү;
30) аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелери боюнча коомдук уюмдар менен ишти уюштуруу;
31) Мамлекеттик чек ара кызматында спорттук ишти уюштурууга жана спортту өнүктүрүүгө катышуу;
32) курал-жаракты, аскердик жана атайын техникаларды иштеп чыгууга, сатып алууга, сервистик тейлөөгө, модернизациялоого жана оңдоого заказдарды түзүү жана жайгаштыруу;
33) Мамлекеттик чек ара кызматынын карамагындагы мамлекеттик ишканалардын ишин башкаруу, аларды түзүү, профилин өзгөртүү жана жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле аскердик продукцияны чыгаруучу мамлекеттик ишканалардын профилин өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүү;
34) Мамлекеттик чек ара кызматында идеологиялык, тарбиялык ишти, моралдык-психологиялык камсыз кылуу, аскердик тартипти жана укуктук тартипти бекемдөө боюнча иш-чараларды пландаштыруу жана уюштуруу;
35) аскердик кызмат өтөөнүн тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик чек ара кызматында кадрдык ишти жүзөгө ашыруу;
36) компетенциясынын чегинде укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруу;
37) аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн соода-турмуш-тиричилик жактан камсыз кылууну уюштуруу;
38) Мамлекеттик чек ара кызматынын муктаждыктарын камсыз кылууга багытталган чарбалык жана башка ишти уюштуруу жана жүргүзүү;
39) Мамлекеттик чек ара кызматынын ведомстволук бөлүкчөлөрүн финансылык камсыз кылууну жүзөгө ашыруу;
40) Мамлекеттик чек ара кызматында өрткө каршы коопсуздукту уюштуруу;
41) Мамлекеттик чек ара кызматын жайгаштыруу жана жабдуу, Мамлекеттик чек ара кызматына бекитилип берилген турак жай фондун анын багытына ылайык башкарууну жүзөгө ашыруу;
42) Мамлекеттик чек ара кызматынын аскердик жана социалдык инфраструктура объекттерин курууну (капиталдык курууну), оңдоону жана эксплуатациялоону уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоо, казармалык-турак жай фондун күтүү жана эксплуатациялоо;
43) Мамлекеттик чек ара кызматынын иши жөнүндө маалыматтык камсыздоону уюштуруу, басма (типографиялык) ишти уюштуруу жана жүзөгө ашыруу, теле жана радиопрограммаларды даярдоо, ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу;
44) Кыргыз Республикасынын Чек ара коопсуздугунун мүмкүн болуучу чакырыктарын жана коркунучтарын болжолдоону, талдоону жана баалоону жүзөгө ашыруу;
45) Мамлекеттик чек ара кызматында аскерлердин кызматын жана аскердик кызматтын коопсуздугун, күжүрмөн нөөмөттү жана күжүрмөн кызматты уюштуруу;
46) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды жүзөгө ашыруу.
4-глава. Мамлекеттик чек ара кызматынын укуктары
7. Мамлекеттик чек ара кызматы негизги милдеттерди аткаруу жана функцияларды ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) чакырылуучулардын Мамлекеттик чек ара кызматында мөөнөттүү аскер кызматын өтөөсү үчүн коргоо маселелерин тескеген аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын түздөн-түз аскер комиссариаттарында аларды артыкчылыктуу тандоого;
2) Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча ыктыярдуу кошуундардын курамында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте штаттан тышкаркы кызматкерлер катары жарандарды Мамлекеттик чек араны кайтарууга тартууга;
3) белгиленген иш чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизүүгө, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоого катышууга;
4) чалгындоо, контрчалгындоо жана ыкчам-издөө ишин жүзөгө ашырууга, ошондой эле Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттерди аткарууда Кыргыз Республикасынын чалгындоо, контрчалгындоо жана ыкчам-издөө иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык фильтирациялык-алдын алуу иш-чараларын өткөрүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык алардын карамагына таандык иштер боюнча алгачкы текшерүүнү жүргүзүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында Кыргыз Республикасына кирүүгө же Кыргыз Республикасынан чыгууга чектөө коюлган, ошондой эле укук бузуу жасаган адамдарды ушул максаттар үчүн атайын жабдылган жайларда кармоого;
7) Мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттары аркылуу өтүүчү адамдардын транспорт каражаттарын, товарларын, жүктөрүн, мүлкүн жана башка предметтерин Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте, ошондой эле башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте карап чыгууну (кароону) жүзөгө ашырууга;
8) Мамлекеттик чек ара аркылуу ташып өтүлүүчү Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга же Кыргыз Республикасына ташып келүүгө тыюу салынган предметтерди, ошондой эле контрабандалык предметтерди белгиленген тартипте алып коюуга жана Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдарына өткөрүп берүүгө;
9) кызыкдар ишканалар, уюмдар жана мекемелер менен биргеликте Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарында чет өлкөгө бараткан транспорт каражаттары токтой турган жерлерди (токтоочу жайларды) жана узактыгын аныктоого;
10) Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына коркунуч келип чыккан учурда коргоо маанисиндеги иштерди, эл аралык милдеттенмелерди аткаруу жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан иштерди кошпогондо, чек ара тилкесинде жарандардын болуусун, транспорт кыймылын жана ар кандай жумуштарды аткарууну убактылуу чектөөгө;
11) юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде чет өлкөлүк, ошондой эле жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоосун камсыз кылуу максатында Мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатында мамлекеттик контролду уюштурууга жана жүзөгө ашырууга;
12) Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга ээ.
5-глава. Мамлекеттик чек ара кызматынын ишин уюштуруу
8. Мамлекеттик чек ара кызматын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу төрага жетектейт.
Төраганын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан төраганын сунушу боюнча кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу төрт орун басары, анын ичинде Башкы штабдын башчысы болуп саналган бир биринчи орун басары болот.
Төрага жок болгон учурда анын милдеттерин Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары аткарат, ал эми ал милдеттерин аткаруусу мүмкүн болбогон учурда төраганын милдеттерин аткаруу орун басарларынын бирине жүктөлүшү мүмкүн.
9. Төраганын орун басарлары Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына баш иет. Алар тапшырылган иш чөйрөсүндөгү милдеттерди чечүү, аларга түздөн-түз баш ийген ведомстволук бөлүкчөлөрдүн күжүрмөн даярдыгы жана ишин уюштуруу үчүн жоопкерчилик тартат.
Төраганын орун басарлары аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү берет.
10. Төрага Мамлекеттик чек ара кызматынын бардык өздүк курамынын жана ага баш ийген ведомстволук бөлүкчөлөрдүн түздөн-түз башчысы болуп саналып, Мамлекеттик чек ара кызматына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерине жана ушул Жобого ылайык жеке башкаруунун негизинде өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.
11. Төрага:
1) Мамлекеттик чек ара кызматынын системасынын ишин уюштурат жана жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, анын ички иш тартибин аныктайт;
2) Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы башкармалыктары, башкармалыктары жана борбордук аппараттын жана Башкы штабдын өз алдынча бөлүмдөрү жана мекемелери жөнүндө жоболорду, ошондой эле офицердик курамдын полковникке чейинки (кошкондо) кызмат орундарынын штаттык категорияларын бекитет;
3) Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басарларынын жана башка кызмат адамдарынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, өзүнүн ыйгарым укуктарын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басарларына жана башка кызмат адамдарына өткөрүп берет;
4) Мамлекеттик чек ара кызматынын ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө типтүү жоболорду бекитет;
5) Мамлекеттик чек ара кызматына республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын, анын ичинде шефтик жардам, эл аралык гранттар жана программалар боюнча алынуучу каражаттардын тескөөчүсү болуп саналат;
6) башка өз ара аракеттенүүчү мамлекеттик күч органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын тартуу менен Мамлекеттик чек арада иш-чараларды өткөрүүдө биргелешкен аракеттерди координациялоо жана жетектөө боюнча ыкчам штабдарды (топторду) түзөт;
7) Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчыларынын, жарандык персоналынын чектүү штаттык санын жана башкаруу схемасын, Мамлекеттик чек ара кызматынын ведомстволук бөлүкчөлөрүн түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентине кароого жана бекитүүгө берет;
8) Мамлекеттик чек ара кызматынын борбордук аппаратынын жана Башкы штабынын, ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн уюштуруу-штаттык түзүмүн, ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматынын куралдануусуна кабыл алынган курал-жарактарынын, аскердик жана атайын техникаларынын, атайын каражаттарынын штаттарынын табелдерин бекитет;
9) Мамлекеттик чек ара кызматынын ведомстволук бөлүкчөлөрүнө тынчтык жана согуш мезгилине анык жана шарттуу аталыштарды ыйгарат, ошондой эле аларды колдонуу тартибин аныктайт;
10) жеке транспортун кызматтык максатта пайдаланган аскер кызматчыларына Мамлекеттик чек ара кызматынын иши үчүн бөлүнгөн каражаттардын чегинде белгиленген тартипте акчалай компенсация төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алат;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматтык жана күжүрмөн-кызматтык ишинин бардык маселелери боюнча буйруктарды, директиваларды жана тескемелерди чыгарат, ал эми зарыл болгондо - башка мамлекеттик органдар менен биргелешкен буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
12) өзүнүн компетенциясынын чегинде аскердик кызмат орундарына дайындайт жана ал кызмат орундарынан бошотот;
13) кызмат боюнча орун которуу маселелерин чечет, полковникке чейинки аскердик наамдарды ыйгарат жана офицердик курамдагы адамдарды жана прапорщиктерди аскердик кызматтан бошотот;
14) мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентине Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчыларына жогорку аскердик наамдарды ыйгаруу жөнүндө өтүнүч киргизет;
15) Мамлекеттик чек ара кызматынын жарандык персоналынын иш тартибин аныктайт;
16) ыкчам-издөө иши менен алектенген ыкчам курамдын кызмат адамдарынын кызмат өтөө тартибин аныктайт;
17) офицерлердин (типтүү эмес кызмат орундары боюнча) кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн белгилейт жана өзгөртөт;
18) Мамлекеттик чек ара кызматын комплекттөө үчүн чек ара кадрларын даярдоону уюштуруу боюнча ишке жетекчилик кылат;
19) Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставында берилген ыйгарым укуктарды толук көлөмдө пайдаланат;
20) Мамлекеттик чек ара кызматынын атынан чыгат жана анын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат, ошондой эле эл аралык уюмдарда, чектеш жана башка мамлекеттердин чек ара, укук коргоо жана аскердик органдарында Мамлекеттик чек ара кызматынын атынан чыгат;
21) Мамлекеттик чек ара кызматынын эл аралык аскердик, аскердик-техникалык жана чек ара кызматташтыгы жаатындагы ишин жетектейт;
22) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аскердик, аскердик-техникалык жана чек аралык кызматташтык жаатындагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коёт;
23) Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлүн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Чек ара аскерлеринин Кол башчылар кеңешине кызмат ордуна дайындайт;
24) Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчыларын жана жарандык персоналын, ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматынын алдында турган милдеттерди чечүүгө көмөк көрсөткөн башка адамдарды мамлекеттик сыйлыктар, ысымы жазылган ок атуучу жана атылбоочу куралдар менен сыйлоого сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;
25) күжүрмөн даярдыктагы мыкты ийгиликтери, үлгүлүү аскердик тартиби үчүн Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчыларын, ошондой эле Мамлекеттик чек араны кайтаруу ишине кошкон жеке салымы үчүн жарандарды сыйлоо үчүн ведомстволук сыйлыктарды (медалдарды), төш белгилерди жана аскердик белгилерди уюштурат;
26) Чек ара кызматынын сыйлыктары жөнүндө жоболорду жана алардын сыпаттамасын бекитет;
27) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчыларын ысымы жазылган атылбоочу курал менен сыйлоого укуктуу;
28) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ага берилген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
12. Мамлекеттик чек ара кызматында курамы 11 адамдан турган коллегия түзүлөт.
Коллегиянын курамына кызмат орду боюнча төрага жана төраганын орун басарлары кирет. Коллегиянын жеке курамы, төрагадан жана анын орун басарларынан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тейлеген түзүмдүк бөлүмү жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен макулдашуу боюнча төрага тарабынан бекитилет. Мамлекеттик чек ара кызматынын коллегиясынын курамына Мамлекеттик чек ара кызматынын борбордук аппаратынын жана Башкы штабынын башкы башкармалыктарынын башчылары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирет.
Төрага Мамлекеттик чек ара кызматынын коллегиясынын ишин уюштурат жана жетектейт.
Мамлекеттик чек ара кызматынын коллегиясы жыйналыштарда Мамлекеттик чек ара кызматынын ишин өркүндөтүү, аткарууну контролдоо маселелерин карайт, кызмат адамдарынын отчетторун угат.
Коллегиянын иш тартиби Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик чек ара кызматынын коллегиясы жөнүндө жобо менен аныкталат.
Мамлекеттик чек ара кызматынын коллегиясынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын биргелешкен жыйналыштарында кабыл алынган чечимдер протоколдор менен таризделет жана төраганын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин биргелешкен буйруктары менен ишке ашырылат.
6-глава. Мамлекеттик чек ара кызматынын мүлкү жана каржылоо
13. Мүлк Мамлекеттик чек ара кызматына ыкчам башкаруу укугунда бекитип берилет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, Мамлекеттик чек ара кызматынын өзүнө бекитип берилген мүлктү өз алдынча ээликтен ажыратууга же башка ыкма менен тескөөгө укугу жок.
14. Мамлекеттик чек ара кызматын жана анын ведомстволук бөлүкчөлөрүн каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
15. Мамлекеттик чек ара кызматы ага жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашырууда өзүнүн ишинин финансылык, статистикалык жана башка эсебин жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга отчет берет.
16. Мамлекеттик чек ара кызматын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун тартиби жана ченемдери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
7-глава. Корутунду жоболор
17. Мамлекеттик чек ара кызматынын иши ал кайра уюштурулган же жоюлган учурда токтотулат. Иши токтотулган учурда Мамлекеттик чек ара кызматынын документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.