Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 10-декабры № 331
Эмгек акы төлөөгө тийиштүү сый акылардын тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын Тизмесинин 8-пунктунун 10-пунктчасына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Эмгек акы төлөөгө тийиштүү сый акылардын тизмегин ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.
3. Эмгек чөйрөсүндө чечимдерди даярдоо башкармалыгы:
- ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Чечимдерди көзөмөлдөө жана административдик камсыздоо башкармалыгы бул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин биринчи орун басары К.С. Досматовго жүктөлсүн.
Министр |
| К.Л. Сагынбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция минстрлигинин 2025-жылдын 10-декабрындагы № 331 буйругуна тиркеме |
Эмгек акы төлөөгө тийиштүү сый акылардын Тизмеги
1. Негизги эмгек акы:
1) Кызматтык маяна;
2) Тарифтик чен.
2. Эмгек акы төлөө:
1) Дем алыш жана майрам күндөрүндө эмгек акы төлөө;
2) Түнкү убакытта жана ашыкча иштеген убакыт үчүн эмгек акы төлөө.
3. Үстөк акы:
1) Жогорку квалификация жана кесиптик чеберчилик үчүн үстөктөр:
- жогорку квалификациясы үчүн;
- жогорку кесиптик чеберчилиги үчүн;
- илимий даражасы үчүн;
- ардак наамы, чин, класс, рангдары үчүн;
- өзгөчө маанилүү жана жооптуу иштерди аткарганы үчүн;
- ишмердүүлүктө чыгармачыл жана кесиптик демилге көрсөткөндүгү үчүн.
2) Эмгек стажы үчүн (ай сайынкы).
3) Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы аймакта иштегендиги үчүн үстөк акылар:
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген калкка эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөрүнө кошумча төлөм коэффициенттери;
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акыларына ай сайынкы кошумча төлөмдөр.
4) Өзгөчө шарттарда иштегендиги үчүн үстөктөр:
- зыяндуу же кооптуу шарттарда жана оор жумуштарда иштегендиги үчүн;
- кыдырып иштегендиги үчүн;
- көчмө мүнөздөгү иштер үчүн;
- вахталык метод менен иштегендиги үчүн.
4. Кошумча төлөмдөр:
1) Кесиптерди, кызматтарды айкалыштырууга, кызмат көрсөтүү зоналарын кеңейтүүгө жана аткарылып жаткан иштердин көлөмүн көбөйтүү үчүн;
2) Убактылуу жок болгон кызматкердин милдетин аткаргандыгы үчүн;
3) Ченемделбеген жумуш күнү үчүн;
4) Көп нөөмөттүү режимдеги иш үчүн;
5) Жумушчу сменанын бөлүктөргө бөлүнүшү менен иштелип чыккан убакыт үчүн;
6) Кызматкерди төмөн төлөнүүчү жумушка которгондо эмгек акынын орточо өлчөмүнө чейин;
7) Бригадага жетекчилик кылуу үчүн;
8) Кызматкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, окуучулардын жана студенттердин өндүрүштүк практикасына жетекчилик кылуу үчүн.
5. Сыйлыктар:
1) Белгиленген тапшырмаларды, иш-чараларды жана кызмат милдеттерин өз учурунда жана сапаттуу аткаргандыгы үчүн;
2) Өзгөчө маанилүү жана татаал атайын тапшырмаларды ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн;
3) Иштин негизги, акыркы натыйжалары үчүн;
4) Узак мөөнөттүү жана кынтыксыз иши үчүн;
5) Отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча ишкананын, уюмдун, мекеменин ишинин жалпы натыйжасы үчүн;
6) Мамлекеттик;
7) Автордук сыйлык.
6. Талааларда иштегендиги үчүн маяна.