Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 10-декабры № 332
Эмгек акынын орточо өлчөмүн эсептөөнүн Эрежелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын Тизмесинин 8-пунктунун 9-пунктчасына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Эмгек акынын орточо өлчөмүн эсептөөнүн Эрежелери ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.
3. Эмгек чөйрөсүндө чечимдерди даярдоо башкармалыгы:
- ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Чечимдерди көзөмөлдөө жана административдик камсыздоо башкармалыгы бул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү министрдин биринчи орун басары К.С. Досматовго жүктөлсүн.
Министр |
| К.Л. Сагынбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция минстрлигинин 2025-жылдын 10-декабрындагы № 332 буйругуна тиркеме
|
Эмгек акынын орточо өлчөмүн эсептөөнүн Эрежелери
Бул Эрежелер орточо эмгек акыны эсептөөнүн:
- пенсия чектөөдөн;
- кызматкердин ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун төлөөдө анын өлчөмүн аныктоодон;
- жумушсуздук боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пособиелерден башка бардык учурларда колдонулат.
1. Орточо эмгек акыны эсептөө үчүн эсептик мезгил болуп тиешелүү төлөп берүү жүргүзүлгөн учурдагы 12 календарлык ай (айдын 1инен кийинки айдын 1ине чейинки) эсептелет. Коллективдүү келишимде эсептөө үчүн кызматкердин абалын начарлатпоочу башка мезгилдер каралышы мүмкүн.
2. Иш убактысынын суммалык эсеби колдонулган мекемелерде орточо эмгек акыны эсептөө үчүн бир сааттык орточо эмгек акы пайдаланылат.
Бир сааттык орточо эмгек акы эсепке алынуучу мезгилдеги эсептелген эмгек акынын суммасын ошол мезгилдеги иш сааттардын санына бөлүү жолу менен аныкталат, мында өндүрүштүк календарга ылайык бир жылдагы иш сааттардын айлык орточо саны колдонулат.
3. Отпускага төлөө үчүн бир күндүк орточо эмгек акы жана пайдаланылбаган отпуска үчүн төлөнүүчү компенсация акыркы 3 календарлык айда эсептелген эмгек акынын суммасын 3кө жана 29,6 га (бир айдагы календарлык күндөрдүн орточо саны) бөлүү жолу менен эсептеп чыгарылат.
4. Бир күндүк орточо эмгек акыны эсептөөдө ушул Эрежелерде каралган бардык учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген иш эмес майрам күндөр эсепке алынуучу мезгилге киргизилбейт.
5. Минималдуу эмгек акы, кызматкерлердин эмгек акылары жогорулатылган учурда, орточо эмгек акыны эсептөөдө эсепке алынуучу мезгилдеги төлөмдөр жогорулатуунун коэффициентине жараша көбөйтүлөт.
6. Кызматкер узак убакыт бою, анын ичинде аргасыз токтоп калуу себеби боюнча иштебеген учурда орточо эмгек акы отпускага төлөө жана пайдаланылбаган отпускага компенсацияларды төлөп берүү үчүн ушул Эрежелерге ылайык, иштеген акыркы үч айдагы эсептелген эмгек акынын суммасын инфляцияны эске алуу менен жогорулоо коэффициентине жараша көбөйтүү менен аныкталат.
7. Орточо эмгек акыны эсептөөдө төмөнкүдөй учурларда иштебеген мезгил эсепке алынуучу мезгилге киргизилбейт, алар:
- кызматкердин орточо эмгек акысы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнсө же сакталса;
- кызматкер убактылуу ишке жараксыздыгы боюнча пособие же кош бойлуулук жана төрөт боюнча пособие алса;
- майып баласын багып жаткан кызматкерге, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 152-беренесине ылайык кошумча эс алуу күндөрү берилсе;
- кызматкер Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 77-беренесине ылайык акы төлөнбөөчү отпускада болуп келсе;
- кызматкер башкача учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек акысын толук же бир бөлүгүн сактоо менен же акы төлөнбөстөн иштен бошотулса;
- кызматкер мекеменин, цехтин, өндүрүштүн иши токтотулганына байланыштуу токтоп турган учурда иштебесе;
- кызматкер иш таштоого катышпаса, бирок ага байланыштуу өз милдетин аткарууга мүмкүндүгү болбосо.
8. Орточо эмгек акыны эсептөөдө эмгек акы төлөөгө тиешелүү сыйлыктардын тизмесине киргизилген төлөмдөр эсепке алынат.
9. Эмгек акы төлөө системасында, сыйлык берүү жөнүндө жоболордо каралып, эсепке алынуучу мезгилде эсептелген такай же мезгил-мезгили менен болуучу сыйлыктар жана кошумчалар, коллективдүү келишимдерде жазылган сыйлык иретиндеги башка төлөмдөр орточо эмгек акыны эсептөөдө төмөнкүдөй тартипте эсептелет:
- бирдей эле көрсөткүчтөр үчүн ай сайынкылар - эсепке алынуучу мезгилдин ар бир айы үчүн бирөөнөн ашык эмес;
- 1 айдан ашык иш мезгилиндеги, бирдей эле көрсөткүчтөр үчүн эсепке алынуучу мезгилдин ар бир айы үчүн бир айлык бөлүгүнүн өлчөмүнөн ашпастан бирөө гана.
Бир жылдын ичинде эсептелген жыл жыйынтыгы боюнча сыйлыктар жана иштеген жылдары (иш стажысы) үчүн бир жолку сыйлыктар орточо эмгек акыны эсептөөдө 1/12 өлчөмүндө, ал эми кварталдыктар - эсепке алынуучу мезгилдин ар бир айы үчүн 1/3 өлчөмүндө, эсептелген убактысына карабастан эсептелет.
Эсепке алынуучу мезгилге туш келген убакыт толугу менен иштелбеген учурда, сыйлыктар жана башка көтөрмөлөөчү төлөмдөр орточо эмгек акыны эсептөөдө эсепке алынуучу мезгилде иштелген орточо эмгек акыга пропорциялуу эсепке алынат.
10. Эсепке алынуучу мезгилдеги иш убактысынын нормасын толук иштеген кызматкердин орточо эмгек акысы бардык учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган минималдуу эмгек акынын өлчөмүнөн аз болбойт.