Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-майы № 44/5-29
Бала бакчаларда тамактануу үчүн төлөмдөр тууралуу
2025-жылдын 15-майында Орловка шаарынын кеңешинин төрагасы М.И.Токтакуновдун наамына келип түшкөн Орловка шаарынын аймагындагы бала бакчаларга барган балдардын ата-энелеринин арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 23 Эмгек кодексин жетекчиликке алып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Лесная сказка», «Ромашковый сад» жана «Подгорное» мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине ата-энелердин өтүнүчү боюнча ата-энелер тарабынан жүргүзүлгөн балдардын тамак-ашы үчүн төлөмдү үстүбүздөгү жылдын 1-майынан 9-майына чейинки жумуш эмес майрамдык күндөрдү эсепке албастан эсептөө сунушталсын.
2. Орловка шаарынын мэриясы тарабынан “Лесная сказка”, “Ромашковый сад” жана “Подгорное” мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине тиешелүү тапшырмалар берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |