Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-майы № 43/5-29
Соода түйүндөрүндө алкоголдук ичимдиктерди жана дарыканаларда спирт сатуу убактысы боюнча чектөөлөр жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, социалдык маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы А.А.Кабаеванын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын мэриясынын үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча жергиликтүү комитетинин чечимин эске алуу менен Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Саат 22:00дөн кийин Орловка шаарында жайгашкан дүкөндөрдө жана соода түйүндөрүндө алкоголдук ичимдиктерди сатууга жана дарыканаларда спирт сатууга тыюу салынсын.
2. Орловка шаарынын көчөлөрүндө жана коомдук жайларында саат 22:00дөн кийин жашы жете элек балдардын болуусуна тыюу салынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин социалдык маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы А.А.Кабаевага жана Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |