Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-майы № 42/5-29
2025-2030-жылдарга жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун орто мөөнөттүү планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамдарынын негизинде, Орловка шаарынын Жайыт комитетинин төрагасы К.Джумалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-2030-жылдарга Орловка шаарынын жайыттарын башкаруунун жана пайдалануунун орто мөөнөттүү планы бекитилсин.(план тиркелет)
2. Орловка шаарынын Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну бекитилген пландын негизинде жүргүзүү милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жана Орловка шаарынын Жайыт комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |