Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-майы № 41/5-29
Орловка шаарынын Жайыт комитетин “Орловка шаардык турак жай коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27, 66-беренелеринин негизинде, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 01-июнунан тартып Орловка шаарынын Жайыт комитетинин бардык функциялары «Орловка шаардык турак жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.
2. Орловка шаарынын мэриясы Жайыт комитетинин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн, материалдык каражаттарын «Орловка шаардык турак-жай коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасына өткөрүп берсин.
3. «Орловка шаардык турак жай коммуналдык чарба » муниципалдык ишканасы Жайыт комитетинин ишин 2025-жылга бекитилген бюджетке жана жылдык планга ылайык жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жана Орловка шаарынын Жайыт комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |