Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-майы № 40/5-29
Орловка шаарынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 2-пунктун жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алуу менен Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясынын көчөлөрүнүн кызыл сызыгын кыскартуу зарылдыгына байланыштуу, жер тилкелеринин пайдалынышынын максатын өзгөртүү менен Орловка шаарынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Д.Токтакуновго жана Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |