Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ХХIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 20-марты № 38/4-29
“Орловка шаарынын көчөлөрүнүн жарыктандырууларын оңдоо” долбоору боюнча Кемин райондук өнүктүрүү фондуна өтүнмө тапшыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын мэриясынын экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Н.О.Мамырканованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясы “Орловка шаарынын көчөлөрүнүн жарыктандырууларын оңдоо” долбоору боюнча Кемин райондук өнүктүрүү фондуна өтүнмө тапшырсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |