Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ХХIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 20-марты № 37/4-29
Подгорное калктуу конушуна айыл статусун ыйгаруу жана аталышын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 7-п. 34-беренесине ылайык, 2025-жылдын 13-январында Подгорное калктуу конушунун тургундары менен өткөн жыйындын чечимин эске алуу менен, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Подгорное калктуу конушуна айыл категориясы (статусу) берилсин, Ынтымак айылы деп аталсын.
2. Орловка шаарынын мэриясы тарабынан Кемин райондук мамлекеттик администрациясына Орловка шаарынын мэриясынын административдик аймагында жайгашкан Подгорное калктуу конушуна айыл категориясын (статусун) ыйгаруу жана Ынтымак деп аталышын өзгөртүү жөнүндө өтүнмө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |