Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-марты № 35/4-29
«Мамлекеттик лизинг компаниясы» ААКдан лизингге атайын техниканы сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, “Орловка суу каналы” муниципалдык ишкананын директору Т.А.Тентиевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коомдон лизингге атайын техниканын төмөнкү түрлөрүн сатып алууга макулдук берилсин:
- Экскаватор;
- Арткы жүктөгүч таштанды ташуучу унаа;
- Кичисамосвал;
- Чон самосвал;
- Кичижүктөгүч;
- Фронталдык жүктөгүч;
- Манипулятор.
2. Орловка шаарынын мэриясы лизингдин 30% баштапкы салымын төлөө үчүн өнүктүрүү фонддорго өтүнмөлөрдү тапшырсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |