ТоктомКүчүндө

Орловка шаардык кеңешинин 2025-жылдын 20-марты № 34/4-29 «Орловка №1 орто мектебинин «Спорт залынын кийим алмаштыруучу жайын капиталдык оңдоо» долбоору боюнча Кемин райондук өнүктүрүү фондуна өтүнмө тапшыруу жөнүндө» токтому

Редакция20.03.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ХХIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 20-марты № 34/4-29

 

Орловка №1 орто мектебинин «Спорт залынын кийим алмаштыруучу жайын капиталдык оңдоо» долбоору боюнча Кемин райондук өнүктүрүү фондуна өтүнмө тапшыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын мэриясынын экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Н.О.Мамырканованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Орловка шаарынын мэриясы Г.П.Кудряшов атындагы Орловка №1 орто мектебинин «Спорт залынын кийим алмаштыруучу жайын капиталдык оңдоо» долбоору боюнча Кемин райондук өнүктүрүү фондуна өтүнмө тапшырсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.И.Токтакунов