ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ХХIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 20-марты № 32/4-29
Балдар аянтчаларын орнотуу боюнча долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын мэриясынын экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Н.О.Мамырканованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Подгорное айылына балдар аянтчасын орнотуу» долбоорун ишке ашыруу үчүн Кемин өнүктүрүү фондуна өтүнмө берүүгө макулдук берилсин.
2. «Орловка шаарынын Фрунзе көчөсүнө балдар аянтчасын орнотуу» долбоорун ишке ашыруу үчүн Чүй өнүктүрүү фондуна өтүнмө берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |