Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-марты № 31/4-29
Орловка шаарынын Правда көчөсүнө балдар аянтчасын орнотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын кеңешинин депутаты Н.Ш.Галиевдин балдар аянтчасын орнотуу боюнча Правда көчөсүнүн жашоочуларынын демилгесин колдоо жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын Правда көчөсүнө балдар аянтчасын орнотууга жашоочулардын өз каржылык жана эмгектик, каржылык эмес салымдарын кошуу шартын коюу менен макулдук берилсин.
2. Правда көчөсүнө балдар аянтчасын орнотууга жергиликтүү бюджетте 300 000 (үч жүз миң) сом акча-каражаты каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Х.С.Мамедовго жана Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |