Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-марты № 28/4-29
Орловка шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумун калыбына келтирүү жана капиталдык оңдоо долбоорун ишке ашыруу жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан инвестиция алууга макулдук берүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орловка шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумун жакшыртуу жана «Орловка суу каналы» муниципалдык ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Орловка шаары Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын суу менен жабдуу жана канализация тутумун калыбына келтирүү жана оңдоо долбооруна киргизилгендигине байланыштуу, «Орловка суу каналы» муниципалдык ишканасынын директору Т.А.Тентиевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумун калыбына келтирүү жана капиталдык оңдоо долбоорун ишке ашырууга жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын шарттарына ылайык инвестиция алууга макулдук берилсин.
2. Орловка шаарынын мэриясы тарабынан бардык аракети Орловка шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумун калыбына келтирүү жана капиталдык оңдоо боюнча долбоорун ишке ашырууга багытталсын, подрядчыны, техниканы, материалдарды жана турак жайды жайгаштыруу үчүн өндүрүштүк базаны куруп тосууга жана электр энергиясы менен камсыз кылууга каражат каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |