Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-марты № 27/4-29
Сугат суунун тарифин жогорулатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 07-февралында № 04-13/34 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын суу пайдалануучуларына сугат сууну берүү боюнча ирригациялык кызматтар үчүн баалардын прейскурантынын негизинде, “Орловка суу каналы” муниципалдык ишкананын директору Т.А.Тентиевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сугат суусун берүү боюнча тариф бир сугат үчүн бир гектарына 570 (беш жүз жетимиш) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Д.Токтакуновго жана Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |