Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-марты № 26/4-29
Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тарифтерди жогорулатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын Жайыт комитетинин төрагасы К.Джумалиевдин жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тарифтерди жогорулатуунун зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын чечимин эске алуу менен, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тарифтер төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Бир баш бодо малга жылына –150 (бир жүз элүү) сом;
- бир баш майда малга жылына– 35 (отуз беш) сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Д.Токтакуновго жана Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |