Редакцияот 03.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин  ХХIII шайланышынын 

 кезексиз чакырылган X сессиясы

 

  2025-жылдын 3-ноябрындагы №68

 

«Жалал-Абад облусттук өнүктүрүү фонду” мекемесине сунушталып жаткан Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн Дөдөмөл айылындагы № 5 ҮДТнын имаратын куруу долбооруна жалпы элдик жыйындын протоколун бекитип берүү жөнүндө»

 

Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Жарбашов Алтынбек Турдубековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын) кезексиз чакырылган Х сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.«Жалал-Абад облусттук өнүктүрүү фонду” мекемесине сунушталып жаткан Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн Дөдөмөл айылындагы № 5 ҮДТнын имаратын куруу долбооруна жалпы элдик жыйындын протоколу жактырылсын.

 

2. Бул токтомду көзөмөлдөө “регламент, депутаттык этика, мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын веб-сайтына жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.

 

 

Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы

  

У.Токтожумаев