Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-марты № 24/4-29
Подгорное айылындагы ФАПтын жаңы имаратын куруу
максатында эски имаратын бузууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын мэриясынын экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Н.О.Мамырканованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Подгорное айылындагы ФАПтын жаңы имаратын куруу максатында эски имаратын бузууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |