Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-марты № 23/4-29
Орловка шаарынын аймагында жайгашкан чарбакер
субъекттер, мекемелер, уюмдар үчүн каттуу тиричилик таштандыларынын топтолуу (чогулуу) нормасын жана көлөмүн
эсептөө тартибин жана таштандыларды ташып чыгаруу
тарифтерин бекитүү жөнүндө
Таштандыларды чыгарууну уюштуруу системасын жакшыртуу, ошондой эле керектөөчүлөр менен каттуу тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүүчүлөрдүн ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, “Орловка шаардык турак жай коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын директору А.Ш.Кудайбергеновдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын аймагында жайгашкан чарбакер субъекттер, мекемелер, уюмдар үчүн катуу тиричилик таштандыларынын топтолуу (чогулуу) нормалары жана көлөмүн эсептөө тартиби 2025-жылдын тартып 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2025-жылдан тартып катуу тиричилик таштандыларды чыгарууга тарифтер 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(1, 2-тиркемелер КР Юстиция министрлигинде кагаз түрүндө)
3. “Орловка шаардык турак жай коммуналдык чарба” муниципалдык ишкана:
- катуу тиричилик таштандыларын топтоо (чогултуу) боюнча бекитилген нормаларга ылайык, Орловка шаарынын аймагында жайгашкан каттуу тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызматтардын керектөөчүлөрү менен келишим түзүүнү камсыз кылсын;
- катуу тиричилик таштандыларынын көлөмүн эсептөөнүн бекитилген тартибин милдеттүү түрдө сакталышы жаатындагы чараларды көрсүн жана алардын аткарылышынын тууралыгына контролду камсыз кылсын;
- каттуу тиричилик калдыктарынын топтолуу (чыгаруу) нормаларын тактоо жана Орловка шаарынын аймагында жайгашкан чарбакер субъекттер, мекемелер, уюмдар тарабынан (объекттин түрүнө жараша) чыгарылган катуу тиричилик калдыктарына тиешелүү болгон сандык аныктаманын ишенимдүүлүгүн арттыруу боюнча мындан аркы иштерди жүргүзсүн;
- Орловка шаарынын аймагында жайгашкан чарбакер субъекттер, мекемелер, уюмдар жана калкы менен катуу тиричилик калдыктарын топтоо (чыгаруу) боюнча жаңы нормаларды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Х.С.Мамедовго жана Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |