Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
10-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-октябры № 81
Спорт оюндары жөнүндө
Семетей айыл аймагынын жаш спортчуларын колдоо максатында акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Семетей айылдык кеңешинин депутаттарынын кайрылуусун айылдык кеңеш карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин негизинде;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагынын жаш спортчуларын колдоп, шарт түзүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 000 сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Т.Мазиевдин турнирине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 000 сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. Иш алып баруу жагы Семетей айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы З.Шабданбековага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |