ТоктомКүчүндө

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 168 «Бердалиев Айбек Автандиловичке Каракол айыл аймагынын»Ардактуу атуулу«наамын ыйгаруу жөнүндө» токтому

Редакцияот 28.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз X- сессиясы

 

2025-жылдын 28-ноябры № 168

 

Бердалиев Айбек Автандиловичке Каракол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы №59 токтому менен бекитилген “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө Жобонун негизинде жана айылдык кеңештин социалдык маселелер, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар, спорт жана маданият боюнча тармактык туруктуу комиссиянын сунушуна ылайык айылдык кеңештин кезектеги сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Республиканын аймагында өсүп келе жаткан жаш муундарды сергек жашоого, спортко кызыгуусун арттырууга кошкон зор салымы үчүн, Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылынын тургуну, грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери Бердалиев Айбек Автандиловичке Каракол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

 

Төрага

 

Э. Р. Тилекова