Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 21-январы № 76-VIII
Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 122-VIII , 2026-жылдын 25-февралындагы № 206-VIII , 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 358-VIII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматташууну андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун алкагында парламенттер аралык байланыштарды активдештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 122-VIII токтомунун редакциясына ылайык)
1. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкүдөй депутаттардын курамында түзүлсүн:
(Абзац Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 206-VIII токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Алиев Медербек Кубанычевич;
Кайрылбекова Медина Кайрылбековна;
Масабиров Талайбек Айтмаматович;
Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович;
(Абзац Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 358-VIII токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич.
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 206-VIII, 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 358-VIII токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-1. Алиев Медербек Кубанычевич парламенттик делегациянын башчысы болуп шайлансын.
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 358-VIII токтомунун редакциясына ылайык)
2. Парламенттик делегация жасалган иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдап турсун.
Төраганын орун басары |
| Ж.Таалайбек кызы |