Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз XII- сессиясы
2026-жылдын 18-февралы № 173
Каракол айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетин жана 2027-2028-жылга жергиликтүү бюджетин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл аймагынын 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Каракол аймагынын 2026-жылга бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 32838,8 миң сом өлчөмүндө жана чыгаша бөлүгү боюнча 32838,8 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Каракол айыл аймагынын 2026-жылдагы бюджетинин киреше булагы №1 тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлөрү аныкталсын (1-тиркеме).
4. Каракол айыл аймагынын 2026-жылга чыгаша бөлүгү №2 тиркемеге ылайык чыгаша багыттарынан турары белгиленип, бекитилсин (2-тиркеме).
5. Каракол айыл аймагынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2027-2028-жылдарга болжолдуу долбоору тиешелүү тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык, бюджетте каралбаган чыгымдарды жабуу үчүн жалпы бюджеттик чыгашалардын эсебинен 275,0 миң сом өлчөмүндө (1%) резервдик фонд бекитилсин.
7. Каракол айыл аймагынын 2026-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү тармактар боюнча жалпы бөлүгү тиешелүү № 3тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. Каракол айыл аймагынын башчысына, кызматкерлерине жана айылдык кеңештин төрайымына зарыл болгон учурда сапардык чыгымдар каралып турсун.
9. Каракол айыл аймагы боюнча:
- 11 штаттык бирдиги, айылдык кеңештин 1 штаттык бирдиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 433 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 01.08.2022-жылдагы №52 Токтомунун негизинде,
- 6 контракттык орундар (2 айыл башчыны кошуп эсептегенде) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун негизинде,
- айыл аймагына караштуу маданият бөлүмүндө 3 клуб башчы, 4 китепканачы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №185 “Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомунун негизинде тиешелүү штаттык бирдиктер бекитилсин.
10. 2026-жылга атайын каражат эсебинин киреше жана чыгаша бөлүгү 5304,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Ата-энелердин төлөмү 2026-жылга 402 бала үчүн ай сайын 1200 сом өлчөмүндө белгиленсин.
- 2025-жылдан калган 186,0 миң сом атайын каражат эсебиндеги акча каражаты 2026-жылга балдардын тамак-ашына багытталып, бала бакчанын атайын эсебине которулсун.
11. 2025-жылдан ашкан 177,5 миң сом акча каражаты Көпүрө-Базар айылындагы Жаңы-Арык каналынын башталышына көпүрө орнотуу үчүн жумшалсын.
12. Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74-беренесине ылайык, калктуу конуштардагы таштандыларды чыгаруу үчүн жеке ишкерлерден жана мекеме-уюмдардан жылына бир жолу таштанды төлөмү алынсын. Төлөө мөөнөтү – 2026-жылдын 1-апрели.
13. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренесине ылайык, Каракол айыл аймагынын мекеме-уюмдарын жыл ичинде каржылоо чыгымдарына зарыл болгон учурда каражаттарды беренеден беренеге, чейректен чейрекке жылдыруу укугу айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г. Советбековага жүктөлсүн.
14. Кабыл алынган токтомду Каракол айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде каттоодон өткөрүү маселесин көзөмөлдөө Каракол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К. Ибраимовага милдеттендирилсин.
15. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каракол айылдык кеңешинин “Бюджет жана экономика, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Ф. Токушевге жүктөлсүн.
16. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Э. Тилекова |
|
| Каракол айылдык Кеңешинин 18.02.2026- жылдагы №173 токтомуна №1 тиркеме |
Каракол айыл Кеңешинин киреше бөлүгүнүн 2026-жылга карата жалпы суммасы
№ |
| сумма |
| Киреше | 32838.8 |
1 | Кирешеден түшкөн салык (подоходный налог) | 19500,0 |
2 | Патенттен түшкөн салык | 140,6 |
3 | Кыймылдуу мулк салыгы | 19,4 |
4 | Кыймылсыз мулк салыгы | 122,7 |
5 | Огород салыгы | 420,6 |
6 | Айыл чарбасына арналбаган жер салыгы | 208,9 |
| Баардык киреше | 20412,2 |
1 | Тендөөчү грант | 3636,8 |
| Тендөөчү грант жалпысы | 3636,8 |
| Салыктык эмес кирешелер | 3485.1 |
1 | Лицензияны кармап жүргөндүгү үчүн | 2000.0 |
2 | Жайыт төлөмдөрү | 834,0 |
3 | ФПС тен түшкөн салык | 377,2 |
4 | Муниципалдык менчикте турган имараттардын жана курулмалардын аренда акысы | 273,1 |
5 | Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу | 0,8 |
1 | Атайын каражат эсебине түшө турган ата-энелер төлөмү | 5304,7 |
| Ата энелер төлөмү жалпысы | 5304,7 |
| Жалпысы киреше | 32838.8 |
Каракол айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы |
| Г.Н.Советбекова |
|
| Каракол айылдык Кеңешинин 18.02.2026- жылдагы № 173токтомуна № 2 тиркеме |
Каракол айыл Кеңешинин чыгаша бөлүгүнүн 2026-жылга карата жалпы суммасы
№ | Чыгашанын аттары | Суммасы |
1 | Башкаруу аппарты | 19886,8 |
2 | Жайыт комитети | 834,0 |
3 | Библиотека бөлүмү | 1734,6 |
4 | Маданият бөлүмү | 828,7 |
5 | Бала бакча бөлүмү | 1890,0 |
6 | Билим берүү тармагы | 1360,0 |
7 | Социалдык иш чара бөлүмү | 1000,0 |
8 | Бала бакчанын атайын каражат эсеби | 5304,7 |
| Жалпы | 32838,8 |
Кеңештин жооптуу катчысы |
| К.Ибраимова |
|
| Каракол айылдык Кеңешинин 18.02.2026-жылдагы №173 № 3 тиркеме |
Каракол айыл кеңешинин 2026-жылга жалпы чыгаша бөлүмүнүн бөлүмү
| Аталышы | АУП | Жайыт комитети | Библиотека | Клуб | Бала бакча | Атайын каражат эсеби | Билим берүү | Соц иш-чара |
Жалпысы
|
2111 | Эмгек акы | 10218,5 |
| 1428,2 | 706,8 |
|
|
|
| 12353,5 |
2121 | Соц фонд | 1385,8 |
| 246,4 | 121,9 |
|
|
|
| 1754,1 |
2211 | Сапрдык чыгым | 150,0 |
|
|
|
|
|
|
| 150,0 |
2212 | Байланыш кызматы | 148,9 |
| 60,0 |
| 100,0 |
| 60,0 |
| 368,9 |
2214 | Транспорттук чыгым | 200,0
|
|
|
|
|
|
|
| 200,0 |
2215 | Ар кандай чыгым | 2368,7 | 834,0 |
|
| 240,0 |
| 100,0 | 1000,0 | 4542,7 |
2218 | Тамак -аш |
|
|
|
|
| 5304,7 |
|
| 5304,7 |
2221 | Учурдагы ремонт | 472,6 |
|
|
| 300,0 |
|
|
| 772,6 |
2222 | Чарбалык сатып алуулар | 477,3 |
|
|
| 500,0 |
|
|
| 977,3 |
2224 | Көмүр алуу |
|
|
|
| 600,0 |
| 1200,0 |
| 1800,0 |
2231 | Суу төлөмү | 50,0 |
|
|
| 150,0 |
|
|
| 200,0 |
2824 | Резервдик фонд | 275,0 |
|
|
|
|
|
|
| 275,0 |
3111 | Курулуш иштери | 1445,6 |
|
|
|
|
|
|
| 1445,6 |
3112 | Эмерек сатып алуу | 2694,4 |
|
|
|
|
|
|
| 2694,4 |
| Жалпы | 19886,8 | 834,0 | 1734,6 | 828,8 | 1890,0 | 5304,7 | 1360,0 | 1000,0 | 32838,8 |
Каракол айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы |
| Г.Н.Советбекова |
|
| № 4 тиркеме Каракол айылдык Кеңешинин 18 .02.2026-жылдагы №173 |
Каракол айыл аймагынын 2026-жылга атайын счетунун киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча
Жалпы бөлүмү
| МАЗМУНУ | СУММА |
| Ата-энелерден алынуучу акы | 5304,7 |
| Жалпы киреше | 5304,7 |
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ 2026-жылга
№ | МАЗМУНУ | Статья | Бардыгы |
1 | Тамак-аш азыктарын сатып алуу | 2218 | 5304,7 |
| БАРДЫГЫ |
| 5304,7 |
Каракол айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы |
| Г.Н.Советбекова |