Редакцияот 05.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

УЗУН-КЫР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 5-февралы № 69 /ХVII

 

2026-жылга сметалык ассигнованияларды көбөйтүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 102-беренесинин негизинде, Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Б.Кубандыковдун 2025-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун угуп жана талкуулап, 2026-жылдын 1-январына бюджеттик эсеп боюнча 16542,3 миң сом суммасында, атайын эсеп боюнча 1962,4 миң сом чогулган бош калдыктарга байланыштуу, Узун-Кыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 16542,3 миң сом суммасына бош калдыктын эсебинен ассигнование сметасы көбөйтүлсүн, анын ичинен бөлүмдөр боюнча: негизги эсеп боюнча:-айыл өкмөтү   2215 берене - 250,2 миң сом

             - билим берүү  2222 берене - 34,3 миң сом

             - ТЖКЧ            2221 берене – 3811,5 миң сом

                                       3112 берене – 5500,0 миң сом

                                       3111 берене -  6944,0 миң сом

-        Клуб         2121 берене  -  2,5 миң сом

 атайын эсеп боюнча бош калдыктын эсебинен 1962,4 миң сом суммасында, анын ичинде бөлүмдөр боюнча:

балдар бакчасы 2218 берене – 24,2 миң сом

ТЖКЧ                2221 берене –  1935,3 миң сом

айыл өкмөтү     2215 берене  -  2,9 миң сом               

2.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                       К.Б.Сманов